Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:31

Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар Тажикстанга барды


Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар (оңдо).
Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар (оңдо).

Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар Кыргызстандагы сапарынан соң Тажикстанга барды. Бул тууралуу түрк коргоо министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, Акар Тажикстандын коргоо министри Шерали Мирзо менен жолугуп, эки өлкөнүн аскердик кызматташтыгын талкуулаган.

Анда түрк министри Тажикстанды Түркиянын Орто Азиядагы маанилүү өнөктөшү деп атаган.

Коопсуздук, коргонуу жана коргоо өнөр-жайы кызматташтыкты тереңдетүүгө даярбыз деген Хулуси Акар чек ара коопсуздугу жана терроризм менен күрөшүү жаатындагы тажрыйба алмашууга даяр экенин билдирген.

Хулуси Акар Кыргызстанга сапар менен 29-30-июнда келген. Анда коргоо министри Таалайбек Өмүралиев, президент Садыр Жапаров менен жолугуп, аскердик-техникалык чөйрөдөгү жана коопсуздук багытындагы эки тараптуу кызматташтыкты талкуулаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG