Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:07

Нур-Султанда жеңил рельстүү транспорт системасын куруу уланат


Курулуш
Курулуш

Казакстандын борбору Нур-Султанда жеңил рельстүү транспорт системасын (LRT) куруу долбоору улантылат. Мындай маалыматты казак баш калаасынын мэри Алтай Кулгинов ырастады. Анын айтымында, долбоорду толугу менен бүткөрүү үчүн 1 миллиард доллардан ашык каражат керек. Аны казак бийлиги өкмөттүн кепилдиги менен банктардан алууну көздөөдө.

Жалпы узундугу 22 чакырым жеңил рельстүү транспорт системасы (LRT) Нур-Султандын башкы транпорттук системасы болмок. Бул курулушу үзгүлтүккө учураган. Долбоордогу коррупция үчүн бир нече аткаминерге иш козголуп, айрымдары чет өлкөгө качып кеткен.

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев жана азыркы мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев баш калаадагы 1,8 миллиард доллар турган бул долбоордун баасын жана инвестициялык тобокелчиликтерин айтып сындаган.

Казакстан Нур-Султан шаарындагы бул биринчи жеңил рельстүү транспорт системасын (LRT) куруш үчүн Кытайдан 1,5 миллиард доллар алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG