Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:29

Мурдагы эки серб аткаминери Гаагада соттолууда


Сот залы
Сот залы

Сербиянын коопсуздук кызматынын мурдагы эки жетекчисинин иши 30-июнда Гаага сотунда каралууда. Слободан Милошевичтин колунда иштеген 70 жаштагы Йовица Станишич жана 71 жаштагы Франко Симатович 90-жылдардагы Балкан согушундагы аскердик кылмыштарга айыпталган.

Станишич жана анын орун басары Симатович 1998-жылы кызматтан кеткенге чейин Сербиянын мамлекеттик коопсуздук кызматын башкарышкан.

Прокурорлор алар жетектеген атайын кызмат 1992-1995-жылдары куралданган топторду түзүп, бир катар кылмыштарды жасаганы боюнча далилдерди таап чыгышкан.

Аларга Боснияда, Хорватияда жана Герцеговинада этникалык тазалоо жүргүзүүгө катышканы боюнча айып коюлган. Алар алгач акталып, кийин БУУнун Гаагадагы аскер трибуналы булардын ишин кайра кароону милдеттендирген. Бул эки аткаминер күнөөсү далилденсе, өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG