Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:17

VI чакырылыштагы Жогорку Кеңеш сегизинчи сессиясын аяктады


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин сегизинчи сессиясы ишин аяктады. 30-июндагы жыйында парламент төрагасы Талант Мамытовдун кайрылуусун вице- спикер Нурбек Сыдыгалиев окуду. Анда акыркы сессия учурунда парламент бир нече саясий окуяларды башынан кечиргенин жана бир нече маанилүү мыйзамдарды кабыл алынганы айтылды. Бул сессияда парламент 131 мыйзам, 615 токтом кабыл алды. Министрлер кабинетинин, Улуттук банктын, Башкы прокуратуранын жылдык отчеттору угулуп, жарандардын 13393 кайрылуусу каралган.

Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, депутаттар 1-июлдан тарта өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып барышы керек. Август айында эмгек өргүүсүнө чыгышат. Бирок вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев июль айында парламент бир нече кезексиз жыйынга чогуларын белгиледи. Парламент сентябрь айынын алгачкы жумушчу күнүндө ишин баштайт.

2020-жылы 4-октябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо болуп, жаңы парламент келмек. Шайлоонун жыйынтыгына нааразычылык элдик толкундоолорго айланып, бийлик алмашкан. Андан кийин парламент жалпы чечим менен кийинки чакырылышка чейин ишин улантууда. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG