Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

Парламент депутаттары коронавирустун күчөшүнө министрди күнөөлөдү


Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева баш болгон бир нече депутаттар өлкөдө коронавирустун тездик менен жайылып жатышына саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди күнөөлөдү. Алар министрлик калкты жапырт эмдөө боюнча тийиштүү иш-чараларды жүргүзгөн эмес деп айыпташты.

“Бул жерде министрдин жеке күнөөсү жана шалаакылыгы. Ошондой эле, штабды башкарган жетекчиликтин күнөөсү. Силер алдап жатасыздар, мурда эле вакцинаны алып койсо болмок. Коңшу Өзбекстан, Казакстанды алсак, 6-7 миллион элди эмдөөдөн өткөрдү. Силер жумушту жакшы аткарган жоксуңар, адамдардын өлүмүнө министрдин күнөөсү бар. Аконит деп туруп алды. Ооруп жүрүп жумушка келип алды. Ушунчалык уяты жок адам экен. Аконит деп башты айлантты”, - деди Касымалиева.

Депутаттардын сынына саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев мындай деп жооп берди.

“Индияда пандемия вакцина алганга бир аз тоскоол болду. Анткени, бизге Индиядан өндүрүлгөн вакцина келиши керек эле. Алар алып келүүнү токтотуп койгон үчүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму башка өлкөдөн суранып жатат. Кээде ар кандай себептер болуп калууда”, - деди министрдин орун басары.

Акыркы суткада коронавирус 1 965 кишиден аныкталды. Анын 1490 учуру Бишкек шаарында катталды. Бул былтыркы жылдын июль айынан берки эң жогорку көрсөткүч. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 30-июндагы маалыматына ылайык, соңку суткада вирустан сегиз бейтап каза болду. Муну менен коронавирустун курмандыктары 2000 адамга жетти.

Ушул күндөрү 11 843 киши вирус менен алышып жатат. Алардын 3 389у ооруканаларда, 8 454 бейтап үй шартында дарыланууда. 158 бейтаптын абалы өтө оор.

Бүгүн, 30-июнда Министрлер Кабинети Кытай өкмөтү менен коронавирус инфекциясына каршы Sinopharm вакцинасынын 1,1 миллион дозасын жеткирүүнү макулдашты. Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдиргендей, вакцинага каражат бюджеттен каралган.

Кытай препараты жакынкы күндөрү Кыргызстанга чартердик каттам менен келет. Ушул эле борт менен Кытайдын гуманитардык жардам катары берилген Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы кошо келет.

Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы коронавируска каршы күрөшкө 20 миллион доллар берген. Анын тең жарымы грант түрүндө. Калганы 38 жылга 0,75% менен насыя катары берилген.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бул акчанын 17 миллионуна Кытайдан бир миллион доза вакцина сатып алмай болгон.

Ушул күндөрү Кыргызстанда коронавируска каршы 112 миңден ашык киши эмделди. Эмдөө өнөктүгү кытай препаратынан тышкары Орусиянын "Спутник V" вакцинасы менен да жүрүп жатат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG