Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:46

АКШ Беларуска учак билеттерин сатууга тыюу салууну көздөөдө


Беларустагы Минск аэропорту
Беларустагы Минск аэропорту

АКШнын Транспорт министрлиги Кошмо Штаттардан Беларуска учак билеттерин сатууга тыюу салууну сунуштады. Мындай демилге аталган министрликтин расмий сайтына жарыяланды. Бул чара Кошмо Штаттардын Беларуста Ryanair компаниясынын учагы күчтөп кондурулушуна жооп катары каралууда.

23-майда Афины-Вильнюс багытында бара жаткан учак Минск шаарына күчтөп кондурулуп, борттогу оппозициячыл журналист Роман Протасевич менен сүйлөшкөн кызы София Сапега камакка алынган эле.

АКШнын Транспорт министрлиги Беларуска учууларды чектөө Американын кызыкчылыгына жооп берерин жарыялады.

Bloomberg агенттиги бийликтеги булактарына таянып жазгандай, АКШнын соңку кадамы Протасевичтин кармалышына тынчсыздануусун билдирүү максатындагы символикалуу кадам болот. Учурда эки өлкө ортосунда пандемиядан улам учак каттамдары чектелген санда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG