Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Момбеков: "Маалымат жөнүндө мыйзам" бийликтин куралы болот


Рыскелди Момбеков. 2019-жыл.
Рыскелди Момбеков. 2019-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору кабыл алынса бийликке каршы сүйлөгөндөргө курал болуп калаарын айтып, кесиптештерин мыйзамды колдобоого чакырды.

“Бул мыйзам иштебейт. Ачыгын айтканда, иштей турган болсо бийликтин куралы болуп иштейт. Фейктер, троллдор анан ар намысты коргоо деп жатасыңар. Ар-намысы бар адам, ар намысын соттон эмес, көкүрөктөн анан элдин арасынан издейт. Сенин кандай экениңди эл билет. Комментарийлерди окуп алып, ага маани бербеш керек. Сен ага чыда, ал жазган чындык эмес. Бул мыйзамды аткара турган, каржылай турган орган жок. Буту-колу жок эле мыйзамды кабыл алып коелу деп жатабыз. Бул сөз эркиндигине тоскоолдук жаратат. Бул мыйзам бир гана мыйзам үчүн иштейт”, - деди Момбеков.

30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат. Талкуунун жүрүшүндө депутаттардын арасында кайым айтышуу орун алды. Демилгечилер жана колдогондор долбоордун негизги максаты ар бир жарандын укугун коргоо жана такталган маалымат алууга шарт түзүү экенин айтып жатышат.

28-июнда Жогорку Кеңештин тармактын комитети аталган мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алган.

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары долбоор сөз эркиндигин чектей турганын билдирип, сынга алышууда. Бүгүн, 30-июнда жарандык коомдун өкүлдөрү, активисттер Жогорку Кеңештин алдында бул мыйзам долбооруна каршы митингге чыкты.

Change.org платформасында документке каршы онлайн кол топтолуп жатат. Анда Жогорку Кеңештин депутаттарын мыйзам долбооруна каршы добуш берүүгө чакырык ташталды. Активисттер президентти парламент документти кабыл алса да, ага кол койбоого үндөп жатышат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG