Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:46

ЖК жалган маалыматтан коргоо мыйзам долбоорун карай баштады


Жарандык коомдун айрым өкүлдөрү, активисттер мыйзам долбоордун кабыл алынышына каршы чыгып жатат.
Жарандык коомдун айрым өкүлдөрү, активисттер мыйзам долбоордун кабыл алынышына каршы чыгып жатат.

Жогорку Кеңеш 30-июндагы жыйынында “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорун карап жатат. Анын алдында жарандык коомдун 50 чакты өкүлү документке каршы парламенттин алдына нааразылык акцияга чыккан.

Ушул тушта Change.org платформасында документти кабыл албоо тууралуу онлайн кол топтолуп жатат.

Парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитети 28-июнда “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алган.

“Медиа полиси” институту бул долбоор тууралуу кеңири анализ жүргүзгөн. Анда документ Баш мыйзамга, эл аралык келишимдерге каршы келип, адам укугун, сөз эркиндигин чектей турганы белгиленген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG