Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Август, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 17:05

Маалымат мыйзамынын аты өзгөрдү, заты калды


"Маалыматтарды манипуляциялоо" мыйзам долбооруна каршы митинг. 29-июнь, 2020-жыл.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети 29-июнда “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алды. Бул былтыр коомчулуктун нааразычылыгы, бир катар митингдерден кийин президент артка кайтарган мыйзам долбоорунун аты өзгөртүлгөн варианты.

“Медиа полиси” институту сөз болуп жаткан мыйзам долбоорунун макулдашылган варианты тууралуу кеңири анализин жарыялады.

Анда документ Баш мыйзамга, эл аралык келишимдерге каршы келип, адам укугун, сөз эркиндигин чектей турганы жазылган. Иш жүзүндө жалган маалыматты чектөө шылтоосу менен бийликтегилер алардын ишмердүүлүгүн жана жүрүм-турумун сынга алууга тыюу салганы жатканы белгиленген.

Мыйзам долбоорунун мазмуну

“Медиа полиси” институтунун анализине ылайык, бул мыйзам долбоору ишке кирсе Министрлер кабинети аны аткаруу боюнча мамлекеттик органды аныктайт.

Министрлер кабинети аныктаган мамлекеттик орган жалган маалымат таратуу тууралуу арыз түшкөндөн кийин 48 сааттын ичинде чечим чыгарышы керек. Сайт же баракча мамлекеттик органдын чечимин 24 сааттын ичинде аткарууга милдеттүү.

Ошондой эле, Кыргызстандын интернет мейкиндигиндеги сайттын же баракчанын ээси өзүнүн фамилиясын, инициалдарын, электрондук почтасын ачык жазыш керек.

Министрлер кабинети дайындаган мамлекеттик орган провайдерлерге белгисиз интернет колдонуучуну аныктоону милдеттендирет.

Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда провайдер абоненттерди бирдиктүү идентификация тутуму аркылуу каттоого милдеттүү экени каралган. Интернет-провайдер соттун же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талабы боюнча абонент жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү болот.

Кыргызстандыктарды интернет менен камсыз кылган провайдерлердин башын бириктирген Байланыш операторлор ассоциациясы мыйзам долбооруна каршы болууда.

“Бул мыйзамды аткарууда интернеттин баасы өсөт. Абоненттерди идентификациядан өткөрүү, бөгөт коюу иштери үчүн аппарат, программалык камсыздоо болуш керек. Бир канча адам иштөөгө тийиш. Ага каражат пландалган эмес. Мыйзамда каралган иштер бизнестин функциясы эмес. Ошондуктан каршы чыгып жатабыз. Интернетти чектөө - пайдасыз жол. Бөгөт коюуну айланып өтүүнүн толгон-токой амалы бар”, - деди Байланыш операторлор ассоциациясынын аткаруучу директору Айбек Күрөңкеев.

“Медиа полиси” институтунун юристи Нурбек Сыдыков “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантында ишке ашпаган нормалар жазылганын белгиледи:

Нурбек Сыдыков
Нурбек Сыдыков

“Бул мыйзам боюнча Министрлер кабинети ыйгарым укуктуу бир органды аныктайт. Ал органга бирөө жарым арыз менен кайрылса, 48 сааттын ичинде аброюна шек келтиреби, маалымат жалган же чын экенин карап чечим чыгарат. Ал чечимди интернет-провайдерлер 24 сааттын ичинде аткарыш керек. 48 сааттын аралыгында жалган-чынын аныктоо мүмкүн эмес. Сотто көрүп жүрөсүздөр, мындай иштер айлап созулат. Кээ бир иштерге лингвистикалык экспертиза зарыл болот”.

Мыйзам долбоорунун автору Гүлшат Асылбаева менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Ал 28-июнда парламенттин тармактык комитетинде сүйлөп жатып мыйзам долбоору жалган маалымат менен күрөшүү үчүн жазылганын, сөз эркиндигине коркунуч келтирбесин айткан.

“Кимдин анонимдүү, фейк-баракчасы жок болсо бул мыйзам долбоору ага тиешелүү эмес. Бул жерде сөз эркиндигине коркунуч келтирген эч нерсе жок. Дүйнөдө баары жалган маалымат менен күрөшүп жатат. Фейк-аккаунттар менен отурбагыла, каралабагыла, силер корко турган эч нерсе жок”.

"Эксгумация" болгон мыйзам

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков аталган мыйзам долбоорун жазуу үчүн макулдашуу тобун түзүүдө “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө” мыйзамы одоно бузулган деп эсептейт.

Рыскелди Момбеков
Рыскелди Момбеков

“Акыркы жылдары Жогорку Кеңештин жосунсуз жоруктары өтө көп болуп кетти. Кыргыз парламентинин тарыхында жерге берилген депутатка добуш бердирткен учур болгон эмес, өткөндө өлгөн адамга добуш бердиртти. Азыр эми өлгөн мыйзамга добуш бердиртип жатат. “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам былтыр президенттин каршы пикири менен кайтарылып, кароо мөөнөтү өтүп кеткен. Аны кайра кайтыш болгон адамды эксгумация кылгансып, добушка коюу өлгөн мыйзамга добуш бердирткен жагдай да. “Маалыматты манипуляция жөнүндө” мыйзам деп жатышпайбы, чынында бийликке каршы чыккандарды капитуляция кылчу мыйзам. Каржы булагы аныкталган эмес, аткаруучу органы жок. Бул мыйзам иштебейт, иштесе, бийлик үчүн гана иштейт”.

Эреже боюнча президент мыйзамга вето коюп, артка кайтарган учурда парламент он күндүн ичинде бир чечимге келүүгө тийиш. Бул үчүн депутаттарга үч багытты тандоо сунушталат. Биринчиси - президенттин чечимин колдоо, экинчиси - ветону четке кагуу, үчүнчүсү - макулдашуу тобун түзүү.

Коюлган мезгил аралыгында үч варианттын бири кабыл алынбаса, мыйзам долбоору четке кагылды деп эсептелет. Депутаттар Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова болсо документти он айдан кийин кайра талкууга коюп отурушат.

Баш мыйзамдын 86-беренесинин 3-бөлүгүндө мамлекеттин бюджетинен каржыланып, чыгымды көбөйтө турган мыйзам долбоорлору Министрлер кабинети каржы булагын аныктагандан кийин кабыл алынары жазылган.

Буга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги долбоорду ишке ашыруу үчүн каражат жок экенин билдирген. Бирок 28-июндагы парламенттин тармактык комитетинин жыйынында макулдашылган вариантка министрдин орун басары кол койгону белгилүү болду.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мыйзам долбоору кабыл алынса мамлекеттин бюджетине оорчулук келерин эске салды.

Дастан Бекешов
Дастан Бекешов

“Азыр адамдык кадыр-баркымды коргойм десең сотко бересиң. Соттон далилдерди көрсөтүп, жараянга катышасың. Сот далилдерди карап чечим кабыл алат. Бул мыйзам боюнча мамлекеттик орган чечим чыгарат. Мамлекеттик орган менен соттошот. Арыз жазган адам сотко барбайт. Мамлекетке чоң күч болот. Арыздар көп түшсө, кызматкерлер көп керек болот. Бюджетте чоң дефицит бар. Бийликке иштеген мыйзам болору түшүнүктүү. Негизи, бул мыйзам Садыр Жапаровго кереги жок. Сооронбай Жээнбековдон калган эски мыйзам болчу. Эми Садыр Жапаров кандай чечим кылат көрөбүз го".

Депутат Гүлшат Асылбаева 28-июнда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында мыйзам адамдын так, туура маалымат алуу укугун коргоого багытталганын билдирген.

Гүлшат Асылбаева
Гүлшат Асылбаева

“Жалган маалыматтан эч ким корголгон эмес, андыктан мамлекет өз жарандарыбыздын кадыр-баркын коргошу керек. Мыйзам адамдын укугун бузуп, жеке жашоосуна кийлигишүүнү чектөөгө багытталган”.

Буга чейин Жогорку Кеңештин бир канча депутаты социалдык тармактагы фейк-аккаунттар менен күрөшүү үчүн “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун тез арада кабыл алууга чакырышкан.

Медиа-эксперттер, журналисттер, юристтер парламентти, президенттик администрацияны аны кабыл албоого үндөп келишет.

Саясий ишмер Жылдыз Жолдошева документке каршы болгондордун катарын толуктайт.

Жылдыз Жолдошева
Жылдыз Жолдошева

“Интернетти өнүккөн өлкөлөр дагы көзөмөлгө ала алган эмес. Фейктер, жалданма журналисттер бар экени белгилүү. Бирок фейктер үчүн мындай мыйзам кабыл алуу менен сөз эркиндигин чектөө туура эмес деп эсептейм. Сөз эркиндиги биз демократиялуу өлкө болгон үчүн эле пайда болуп калган жок. Кыргыз “баш кесмек бар, тил кесмек жок” деген макалы менен эле эркиндигин даңазалап койгон. Парламенттин мындай чектөөлөргө барышы туура эмес”.

2020-жылы президент Сооронбай Жээнбеков “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун артка кайтарып жатып, макулдашуу тобуна эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн кошууну сунуш кылган. Бирок ал топ мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн гана түзүлгөн. Журналисттер жана коомчулук талкууларга катышкан эмес.

Бишкекте жарандык коом долбоорго каршы бир нече жолу нааразычылык акцияларын өткөргөн.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG