Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Депутаттар фейктердин каралоосуна кабылганын айтып чыгышты


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин 17-июндагы жалпы жыйынында парламенттин бир катар депутаттары социалдык тармактарда фейк аккаунттардын чабуулуна, каралоосуна кабылганын айтып, аларга каршы мыйзам кабыл алуу демилгесин көтөрүштү.

Депутаттар Шайлообек Атазов, Самат Исманов, Өмүрбек Бакиров, Акыл Кемелов фейктер элди адаштырып, коомчулуктун пикирин тескери жакка буруп, айрым депутаттардын кадыр-баркына шек келтирип жатканын билдиришти. Буга байланыштуу аларга чара көрүү демилгеси көтөрүлүп, аны депутат Айбек Осмонов да колдоду.

“Биз мыйзамдуу өлкөдө жашайбыз. Мыйзам баарыбызга бирдей. Ошондуктан эң биринчи орунда адамдын абийири турат. Эмки отурумда Гүлшат Кадыровна көтөргөн токтомду (ред: мыйзам долбоору) күн тартибине киргизели”.

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Бурул Аманова мындай пикирлерге кошулган жок.

“Чектөө коюу деген бир аз туура эмес. Биз элдин жүгүн көтөргөнү келдик. Ошондуктан сын айтылат. Ошол сынга чыдаган адам гана келе алат (ред: депутат болуп) болуш керек. Ооба, ачуу сөздөр айтылып жатат. Мен өзүм жөнүндө деле өтө көп нерселерди окуп, көрүп жатам. Сырткы келбетиме да кийлигишет. Бул маселеге өтө кылдат мамиле кылсак. Кесиптештер, “силер элдин ишенимин актайм” деп келдиңер. Алардын оозун жабуу канчалык туура?”.

Былтыр «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамды парламент экинчи жана үчүнчү окууда удаа карап, кабыл алган жана президенттин кароосуна жөнөткөн. Ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков ага кол койбой, макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн кайра Жогорку Кеңешке кайтарган.

Быйыл, 2-июнда, парламентте документтин макулдашылган вариантын иштеп чыга турган топ түзүлгөн.

Долбоордун автору, депутат Гүлшат Асылбаева сунушталган жоболор интернетте өз атын жашырып, жалган маалымат тараткан фейктерге каршы багытталганын айткан.

Бирок өлкөдөгү сөз эркиндиги жана демократиялык баалуулуктарды чектейт деп сынга кабылган мыйзам долбоору жарандык коом менен парламенттеги айрым депутаттардын катуу каршылыгына туш болгон. Бишкекте ага каршы бир нече митинг өткөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG