Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:55

Кыргызстанда кызмат көрсөтүүнүн баасы 4% жогорулады


Кийим тигүүчү цехтин кызматкерлери. Иллюстрациялык сүрөт.
Кийим тигүүчү цехтин кызматкерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл январь-май айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Кыргызстанда калкка кызмат көрсөтүү тарифтери дээрлик 4% жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Ага ылайык, ушул жылдын алгачкы беш айында жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтары 14%, анын ичинде аба каттамдарынын баасы 2,7 эсеге, амбулатордук кызмат көрсөтүүлөр 6,8%, бут кийим оңдоо 4,3%, кийим тигүү 4,1% жогорулады.

Андан тышкары турак жайларды оңдоо кызматтары 3,4% жана маданий иш-чараларды уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр 0,5% өстү.

Статком күн мурун эле беш айда ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) көлөмү 215 миллиард сомдон ашып, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6% төмөндөгөнүн, азык-түлүктүн баасы өсүп жатканын кабарлаган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG