Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:25

Эсеп палатасы коронавируска каршы күрөшүүгө кеткен чыгымды иликтейт


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Эсеп палатасы коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү үчүн коротулган акчанын эсебин чыгарып, иликтеп жатат.

Мекеменин аудитору Заирбек Жоошбековдун 16-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында берген маалыматына ылайык, коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүгө өкмөт 1 миллиард 181 миллион сом короткон. Мунун 670 миллиону грант 510 миллион сому насыя катары эл аралык уюмдардан алынган.

Мындай жардамдын эсебинен 2020-жылы бюджеттин дефицитин жабууга 26,7 миллиард сом жумшалган. Анын 5,7 миллиард сому грант болсо 21 миллиард сому насыя катары тыштан келген.

Мындан сырткары COVID-19 илдетинин кесепетин жоюуга республикалык бюджеттен 5,5 миллиард сом бөлүнгөн. Ал эми демөөрчүлөр 155,4 миллион сом чогултуп берген.

“Суммалар абдан чоң. Бул акча дээрлик бардык министрликтерге берилген. Эсеп палатасынын беш тобу ушул тушта акча бөлүнгөн мекемелерди текшерип жатат. Бул маселенин жыйынтыгын Жогорку Кеңешке алып келебиз”, - деди Жоошбеков.

2020-жылы донорлор Кыргызстанга жалпысынан 774 миллион долларлык жардам көрсөтүүгө убада беришип, анын 343 миллиону келген.

Тыштан жардам коронавируска каршы күрөш үчүн гана эмес, бюджетти колдоо үчүн да суралганы, бөлүнгөн 343 миллион доллардын 271 миллиону насыя, 72 миллиону грант катары келгени маалым болгон.

Былтыр кыргыз өкмөтү бюджетте акча тартыш болгондуктан пенсия, айлык жана башка социалдык төлөмдөрдү бюджеттен эмес, сырттан келген карыз акчадан төлөп берип жатканы айтылган. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG