Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 10:28

"Жарандык коом күчтүү болсо"


Бишкек. 29-июнь, 2020-жыл. Маалыматты манипуляциялоо" мыйзамына вето коюуну президенттен талап кылган жарандык активисттер.

"Азаттык" радиосунун "Эгемендикти эмне бекемдейт?" аттуу сынагына студент Айтурган Момунбековадан келген материалды сунуштайбыз.

Быйыл Кыргызстан мамлекетинин эгемендигине 30 жыл болуп олтурат. Артта калган 30 жылдын ичинде өлкө ар кандай саясий кырдаалдарга тушукту, ошого карабастан өз эгемендигин сактап келе жатканы мааниге ээ.

Бирок акыркы саясий өзгөрүүлөр мага окшоп эркиндикти жактаган жарандарды ирээнжитти. Анткени, биз президенттик башкаруу ыкмасына өтүү менен бирге, 30 жылдын ичинде араңдан түптөлүп келе жаткан демократияны жоготуп алуу коркунучуна кептелдик.

Азыркы учурда коомубузда “Сталиндей катаал башчы керек”, “Темирдей тартип!” деген өңдүү пикирлер көп айтылып жатат. Коомдо ар ким өз пикирин айтууга укуктуу деңизчи, бирок мындай көз караштагылардын катары барган сайын калыңдап жатканы кооптондурат. Дүйнөлүк тажрыйбага кайрылсак, өнүккөн мамлекеттердин көбү парламенттик башкаруу ыкмасында. Ошол себептүү президенттик жана парламенттик башкаруунун айырмачылыктары тууралуу аз да болсо окуп-билгендерим менен бөлүшө кетейин дедим. Балким, менин блогумду окуган бир кишинин болсо деле көзү ачылабы деген ниет.

Президенттик системада негизги саясатты мамлекет башчы жүргүзө турганы баарыбызга белгилүү. Ал өкмөттүн ишин көзөмөлдөйт, парламентти оп-оңой эле таратып кое алат.

Бул эмнеден кабар берет? Бул деген өлкөдө өнүгүү болушу күмөн дегенди түшүндүрөт. Мындай чочулоолорго толук негиз бар. Анткени, президенттик жана авторитардык башкаруудагы өлкөлөрдө демократиянын негизги өзөгү болгон адам укуктары, аял укуктары, гендердик теңчилик, тең салмактуулук, эркиндик, сөз эркиндиги сакталып жатабы?

Жок... Андай мамлекеттерде бийлик бир гана адамдын колуна топтолуп, анын туура эмес кадамдарын ачык айтып же сындап койгондор куугунтукка кабылууда. Адам, аял, бала укугу, сөз эркиндиги, мыйзамдуулук, кыскасы эч бир баалуулуктар сакталган жок. Адамзаттын жашоосунда ушул баалуулуктар баркталып, турмуш-тиричиликтин ажырагыс бир бөлүгүнө айланганда гана бакубатчылык болорун эмнеге түшүнбөйбүз? Тескерисинче, Кудай-Таала ыроологон демократиялык баалуулуктарды четке кагып, анын кадырын-баркын билбей жатканыбыз өкүнүчтүү. Жакында эле кабарлардан окуп калдым.

Мамлекеттик каттоо кызматында катталган ысымдарда быйыл жаңы төрөлгөн ымыркайлардын бирине "Сталин" деген ат берилгенин угуп, жакамды кармандым. Баласына кандай ысым берет, ар кимдин өз иши. Болгону, эркиндиктин кадырын өз убагында билели, түшүнөлү деген тилек.

Эми парламенттик башкаруу ыкмасына келели. Мындай өлкөлөрдө мамлекет башчынын укуктары чектелүү болот. Негизинен президентти эл эмес, парламент тандайт. Өлкөнүн саясатын шайлоодон утуп келген парламент тандаган премьер- министр же канцлер жүргүзөт. Эл аралык изилдөөлөр боюнча мамлекеттердеги башкаруу ыкмасы экономика менен ошол элдин турмушуна түздөн-түз таасир этет экен.

Мисалы, Англиядагы университеттердин бири 1950-2015-жылдар аралыгындагы президенттик жана парламенттик башкаруу болгон 100дөн ашык мамлекеттин экономикасын иликтеген. Анын жыйынтыгында президенттик мамлекеттерге караганда парламенттик республикаларда экономика 0,6-1,2% жогору, инфляция 6% төмөн болуп чыккан.

Менимче, бул көрсөткүч президенттик башкаруудагы өлкөлөр көбүнесе өнүкпөй турганы, ал гана эмес, элдин эркиндиги, теңдиги бир калыпта сакталбай турганына статистикалык далил болуп эсептелет.

«Эгемендикти эмне бекемдейт?" деген суроого көпчүлүк жарандар «биримдик, ынтымак, мекенчил сезимдер, гумандуулук, дин, татыктуу лидер" жана башка ушул сыяктуу пикирлерди айтып келишет. Өнүгүү, көз карандысыздыктын бекем болушу үчүн албетте, аталган түшүнүктөр да кандайдыр бир деңгээлде керек.

Бирок менин жеке көз карашымда бул үчүн биз демократиянын - эркиндиктин баркын билишибиз керек. Эң башкысы - эл, жарандык коом күчтүү, ар тараптан өнүккөн, сабаттуу, билимдүү болууга тийиш. Жарандык коом жана коомдук пикирдин күчү нагыз демократиянын көрсөткүчү. Айла жок, биз азыр референдумга катышкан элдин көбүнүн добушу менен президенттик башкарууга багыт алдык.

А бирок жарандык коом активдүү болсо, жок дегенде элдин эркин жашоосуна тоскоол болчу туура эмес чечимдерди артка кайтара алчу күчкө ээ болобуз. Жарандык коомдон мыкты, таза кадрлар, активисттер, укук коргоочулар чыгат. Ошондо гана чыныгы демократиялык мамлекетке айланышыбыз ыктымал. А чыныгы демократиялык республикаларда адамзаттык да, улуттук баалуулуктар сыйланарын башкалардын тажрыйбалары көрсөтүп жатпайбы.

Айтурган Момунбекова, студент

Эскертүү: Автордун ою “Азаттыктын” көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG