Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:01

УКМК: Алмамбет Салиев мыйзамсыз баюуга шектелип кармалды


Алмамбет Салиев.
Алмамбет Салиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиевдин мыйзамсыз байыганы тууралуу фактылар аныкталганын билдирди.

Мекеме 17-июнда тараткан маалыматка караганда, ал бул кызматта иштеп турганда мурдагы президенттин кызматтык артыкчылыктарын пайдаланып, мамлекеттик түзүмгө зыян келтирип, укук коргоо жана мамлекеттик органдардын, сот системасынын ишине активдүү кийлигишкен.

Алмамбет Салиев мамлекеттик кызматта иштеген мезгилде, аффилирленген жактарга каттоодон өтүп, өзүнүн расмий кирешесинен кымбат мүлктү сатып алгандыгы аныкталган. Ушундай жол менен алынган чоң каражатты көп кабаттуу үйлөрдү жана башка соода объектилерин куруу үчүн курулуш компанияларынын бирине жумшаган. Атайын кызмат ал компаниянын атын атаган эмес.

Салиевдин бардык мүлктүк жана каржылык активдерин аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Иште чогултулган далилдердин негизинде ал 16-июнда Жазык кодексинин 323-беренеси (“Мыйзамсыз баюу”) менен кармалып УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Алмамбет Салиев президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп 2017-жылдын 11-декабрынан тартып 2020-жылдын октябрь айына чейин иштеген. Бул кызматта турганда анын дарегине "бийликтеги таасирдүү адамга айланды, сотторду жана күч органдарын жапырт көзөмөлдөйт" деген сын айтылып келген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG