Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Асылбаева: Жалган маалыматты Министрлер кабинети аныктайт


Гүлшат Асылбаева
Гүлшат Асылбаева

Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат. Талкуунун жүрүшүндө депутаттардын арасында кайым айтышуу орун алды.

Депутат Абдывахап Нурбаев жалган маалыматты ким аныктап, ким чара көрөрүнө кызыкты. Мыйзам долбоорунун автору Гүлшат Асылбаева ага Министрлер кабинети жооптуу болорун айтты.

“Жалган маалыматты ыйгарым укугу бар органдар аныктайт. Ага Министрлер кабинети жооптуу болот”, - деди Асылбаева.

Ал долбоордун негизги максаты ар бир жарандын укугун коргоо жана такталган маалымат алууга шарт түзүү экенин айтты.

28-июнда Жогорку Кеңештин тармактын комитети аталган мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алган.

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары долбоор сөз эркиндигин чектей турганын билдирип, сынга алышууда. Бүгүн, 30-июнда жарандык коомдун өкүлдөрү, активисттер Жогорку Кеңештин алдында бул мыйзам долбооруна каршы митингге чыкты.

Change.org платформасында документке каршы онлайн кол топтолуп жатат. Анда Жогорку Кеңештин депутаттарын мыйзам долбооруна каршы добуш берүүгө чакырык ташталды. Активисттер президентти парламент документти кабыл алса да, ага кол койбоого үндөп жатышат. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG