Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:57

Соңку суткада коронавирус эки миңдей кишиден табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыркы суткада коронавирус 1965 кишиден аныкталды. Анын 1490 учуру Бишкек шаарында катталды. Бул былтыркы жылдын июль айынан берки эң жогорку көрсөткүч.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 30-июндагы маалыматына ылайык, соңку суткада вирустан сегиз бейтап каза болду. Алардын экөө Бишкекте, үчөө Баткенде бирөө Ошто жана экөө Ысык-Көл облусунда катталды. Муну менен коронавирустун курмандыктары Кыргызстанда 2000 адамга жетти.

Мурда ооруп жаткандардын ичинен 571 киши сакайып чыкты. Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын 125 003 киши жугузуп, анын 110 082 айыкты.

Ушул күндөрү 11 843 киши вирус менен алышып жатат. Алардын 3 389у ооруканаларда 8 454 бейтап үй шартында дарыланууда. 158 бейтаптын абалы өтө оор. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG