Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:52

Парламент БШКнын мүчөлүгүнө талапкерлерди карашы мүмкүн


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеш 30-июндагы жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жаңы курамына сунушталып жаткан талапкерлерди талкуулайт деп күтүлүп жатат.

Бул маалыматты Боршайкомдун мүчөлүгүнө көрсөтүлгөн Кайрат Маматов, Узарбек Жылкыбаев жана Искендер Гаипкулов ырастады.

“Комитетте каралып парламенттин күн тартибине киргизилсе, маселе каралашы мүмкүн”, - деди Гаипкулов.

Бул маселе Жогорку Кеңештин 30-июндагы жыйынынын күн тартибине киргизилген эмес. Бирок тармактык комитет карап сессияга алып чыкса талкууланат.

28-июнда президент Садыр Жапаров “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койду. Ага ылайык БШКнын 12 мүчөсүнүн жарымын президент, калган алтоону Жогорку Кеңештеги фракциялар көрсөтөт.

Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары президент Боршайкомдун жаңы курамына алты кишини жылдырганын, арасында БШКнын азыркы төрайымы Нуржан Шайлдабекова да бар экенин жазышты.

Узарбек Жылкыбаев КСДП фракциясынын, Кайрат Маматов "Республика - Ата Журттун", Искендер Гаипкулов “Ата Мекендин” квотасы менен баратканын өздөрү “Азаттыкка” ырастады.

Буга чейинки мыйзамга ылайык, Боршайкомдун 12 мүчөсүнүн төртөөнү президент, калгандарын фракциялар сунуш кылчу. БШКнын ушул тапта иштеп жаткан курамы 2016-жылы шайланып келген. (BTo)

XS
SM
MD
LG