Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:13

Бабановдун адвокаты КТРКнын үстүнөн да даттанды


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

Адвокат Анатолий Хегай КТРК боюнча Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссияга кайрылды. Ал саясатчы Өмүрбек Бабанов тууралуу каналдан берилген маалыматты төгүнгө чыгаруу талабын коюуда.

Адвокаттын айтымында, КТРКнын "Ала-Тоо 24" каналында жана "Ютубдагы" каналында 17-июнда Кумтөр кениндеги коррупциялык иштерге шек саналып кармалган саясатчылар тууралуу сюжет берилген. Хегай бул сюжеттен Бабановдун дарегине фактысы жок сөздөр айтылганын билдирди.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссия бул маселени 29-июнда карады. Ага арыз жазган адвокат жана КТРКнын укуктук маселелер боюнча аткаруучу директору Максат Төлөнов катышты.

Төлөнов журналисттин материалында Кыргызстандын мыйзамдары бузулбаганын, аны төгүнгө чыгаруу боюнча адвокаттын талабына КТРК макул эместигин айтты.

Ушундай эле арыз менен Бабановдун дагы бир адвокаты Амантур Абдырахманов ЭлТРдин үстүнөн комиссияга арыз жазган. 29-июнда бул арыз дагы каралып, ага ЭлТРдин юристи Азизбек Ибрагимов катышты.

Эки каналдын юристтери тең материалдардагы маалыматтарды төгүнгө чыгаруу сот чечими менен гана ишке ашарын билдиришти.

Бабановдун адвокаттары ишти сотко жеткирбей чечүү максатында журналисттердин этикалык комиссиясына кайрылганын белгилешкен.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссия бул жаатта жакыңкы күндөрү чечим чыгарат.

Журналисттерден жана жарандык коом өкүлдөрүнөн куралган, 13 кишиден турган комиссия маалымат каражаттарына болгон нааразылыкты сотко жеткирбей жөнгө салууну көздөйт. Төрайымы – медиа эксперт Тамара Валиева.

Коомдук башталыштагы бул комиссиянын чечими сунуш болуп эсептелет.

Кыргызстандын журналисттеринин этикалык кодекси 23 беренеден турат. Комиссия ошол кодекстин негизинде иштейт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кумтөр кениндеги коррупциялык иштерге байланыштуу Өмүрбек Бабановду быйыл 31-майда камакка алган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG