Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Бабановдун адвокаты ЭлТРдин үстүнөн даттанды


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

Адвокат Амантур Абдырахманов саясатчы Өмүрбек Бабанов тууралуу таратылган маалыматты төгүнгө чыгарууну ЭлТРден талап кылууда. Жактоочу ушундай арыз менен Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссияга кайрылды.

Адвокаттын белгилешинче, аталган телеканал 21-июнда жаңылыктар программасында жана Ютубдагы каналында Бабановду “Кумтөрдөгү коррупциялык иштерде фигурант” деп мүнөздөгөн.

Абдырахманов программада Бабанов тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтар берилип, фактысы жок жалаа жабуу болгонун билдирди.

"Азаттык” азырынча ЭлТРдин жетекчилиги менен байланыша алган жок.

Журналисттерден жана жарандык коом өкүлдөрүнөн куралган, 13 кишиден турган комиссия маалымат каражаттарына болгон нааразылыкты сотко жеткирбей жөнгө салууну көздөйт. Төрайымы – медиа эксперт Тамара Валиева.

Коомдук башталыштагы бул комиссиянын чечими сунуш болуп эсептелет.

Кыргызстандын журналисттеринин этикалык кодекси 23 беренеден турат. Комиссия ошол кодекстин негизинде иштейт.

Бабановдун адвокатынын арызы 25-июнда жолдонду. Комиссия жакын аралыкта аны кароого киришет.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кумтөр кениндеги коррупциялык иштерге байланыштуу Өмүрбек Бабановду быйыл 31-майда камакка алган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG