Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Замир Ракиев муфтий болуп шайланды


Замир Ракиев
Замир Ракиев

Замир Ракиев Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы - муфтий болуп шайланды.

Бишкекте бүгүн 26-июнда өтүп жаткан өлкө мусулмандарынын жетинчи курултайына катышкан 220 делегат бир добуштан анын талапкерлигин колдоду.

43 жаштагы Замир Ракиев Нарын облусунун Кочкор районда туулган. Египетте "Университетке даярдоо курсу" жана "Дин негиздери" багыты боюнча билим алган. Бишкек гуманитардык университетинен "Чыгыш таануу" адистигинде окуган. Эмгек жолун Чүйдөгү медресенин мугалиминен баштап, Нарын облусунун казысы, муфтийдин орун басары кызматын аркалаган. 2020-жылдан тартып Бишкек шаарынын казысы болуп иштеп жаткан.

Ал эми борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы болуп Бактыбек Нурдинов шайланды.

Ушул эле күнү Аалымдар кеңешинин курамы да жаңыланды. Анын төрагалыгына Көчкөнбай Сайдуллаевди тандашты.

Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна 14, муфтийликке тогуз талапкер катталган. Ал эми Аалымдар кеңешине мүчө болууга 61 киши арыз берген.

Аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнө, муфтийликке жана анын Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына сынак 17-февралда жарыяланган.

Быйыл 10-февралда УКМК мурдагы муфтий Максатбек Токтомушевди башкармалыктагы мыйзамсыз финансылык иштер боюнча козголгон кылмыш ишине шектүү катары кармаган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 12-февралда жашаган жеринен башка аймакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

11-февралда Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, Токтомушевдин муфтийликтен өз каалоосу менен баш тарткан арызын карап, канааттандырган. (MiK/MTa)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG