Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:32

Ажылык сапар, кемиген миллиондор


Мусулмандар дин башкармалыгынын комиссиясы ажылыктын акчасын эсептеп чыкты.

2020-жылы пандемиядан улам үзгүлтүккө учураган ажылыктын акчасынан улам козголгон кылмыш иши тергелип бүтө элек. Мусулмандар дин башкармалыгынын комиссиясы ажылыктын кемиген акчасын эсептеп чыкты.

Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазиевдин колу коюлуп, Аалымдар кеңешинин “Фейсбуктагы” баракчасында жарыяланган документте чогулган акча кандай коротулганы жана ушул тапта анын канчасы кемип турганы кенен жазылган.

Мусулмандар дин башкармалыгынын он кызматкеринен куралган комиссия ажылыкка чогулган акчаны текшерип, учурда 1 млн. 894 миң доллар жетпейт деп жарыялады.

Ажылык жана депозит

Комиссиянын маалыматына ылайык, муфтият 2019-жылдын январь айынан 2020-жылдын май айына чейин жалпы жети жолу 12 млн. 763 миң долларды сомго айлантып, депозиттик эсепке салган. Бирок доллардын наркы кескин өсүп кетип, депозитке коюлган мөөнөт менен кайтарылган учурдагы курстук айырма 775 миң долларды түзгөн.

Андан сырткары, банк менен түзгөн келишимди муфтият үч жолу мөөнөтүнөн мурда токтоткондуктан банк келишимдин негизинде депозитке коюлган негизги каражаттан берген пайдасын үч жолу кайтарып алган. Мындан муфтият 10 млн. сом чыгым тарткан.


Муфтияттын эсебине депозитке салган акчадан 33 млн.сом пайда түшкөн. Бул каражат банктын кассасы жана банкоматтардан чыгарылып кеткен.

Муфтияттын мурдагы башкы эсепчиси Жеңишбай Бекиев 2021-жылы 5-февралда ажылыктын негизги доллар эсебине 200 миң доллар которгон.


Шайлоо алдында берилген акча

Комиссия аталган башкармалык 2020-жылдын август айында атайын келишим менен “Налоговый Представитель” аттуу компанияга 2 млн. долларды 74,5 курс менен 155 млн. сомго айлантып берип, 14 млн. сом чыгым тартканын жазган.

Бул компания алган каражатты бир аз кечиктирип бергени менен доллардын куну кескин өсүп кетип, айырма 14 млн. сомду түзгөн. Кызыгы, муфтият менен “Налоговый Представитель” августта түзгөн келишимде компания 155 млн. сомго 14 млн. сом кошуп берери көрсөтүлгөн. Бирок аталган компания 14 млн. сомду муфтияттын эсебине азырга чейин которо электиги ачыкка чыкты.

Комиссиянын маалыматына караганда, Мусулмандар дин башкармалыгы 2017-жылдан баштап бир катар компанияларга, жеке адамдарга акча каражатын берип, кайра кайтарып алып турган. Айрым компаниялар алган акчасынын бир бөлүгүн дале бере элек.

Мисалы, "Фарватер" компаниясы 2017-жылдан бери муфтияттан каржылык жардам катары 155 млн. сом алып, 2020-жылы 21-декабрда кайтарып берген.

Жантаев аттуу жеке ишкер 2019-жылы декабрда 700 миң доллар алып, 2021-жылдын апрелине чейин 553 миң долларын кайтарган. Калган 146 миң долларды берген эмес.

Жалалдин Акыбаев аттуу жаран муфтияттан 2019-жылы 200 миң доллар алып, ушул жылдын январь айында толук кайтарып берген.

"Тали Эйр" компаниясы 2020-жылы мартта 300 миң сом алып, 2021-жылдын март айында толук кайтарып берген.

Андан тышкары Абдубуркан Жээнбеков аттуу жаранга 165 миң, Тазабек Жусубалиев аттуу жаранга 150 миң сом берилип, алар ушул жылдын март айында кайтарышкан.

Буга чейин президент Садыр Жапаров ажылыктын акчасынын бир бөлүгү өткөн жылы октябрь айындагы шайлоо өнөктүгүнө жумшалып кеткенин айткан эле.


Ажылыкка чогулган акча

Комиссиянын маалыматына ылайык, 2020-жылы ажылыкка барууга 9586 адам катталган. 5519 адам 3350 доллар (18 488 650), 4067 адам 500 доллар (2 033 500), базага катталбай калган 150 адам 500 доллардан (52500) төлөгөн.

3350 доллардан төлөгөн 3092 адам, 500 доллардан төлөгөн 3411 адам акчасын кайтарып алган эмес. Бул каражат жалпы 12 млн. 116 миң долларды түзөт.

Муфтият 2020-жылдын башында ажылыкты уюштуруу үчүн бир канча жакка 700 миң доллардай акча которгон. Тендерди уткан "Флайнас" авиакомпаниясына 466 миң доллар, ажыларга кийим тигүү үчүн 80 миң доллар, ажылыкка бараткандарды эмдөөчү "Фарватер" компаниясына 152 миң доллар берилген.

Башкармалык ажылыкка чогулган акчанын эсебинен 2020-жылдын январынан 2021-жылдын февралына чейин 636 миң долларды муфтияттын кызматкерлерине, Аалымдар кеңешинин мүчөлөрүнө жана башкаларга айлык акы катары төлөп берген.

Бул акчаларды кемиткенде муфтияттын эсебинде 11 млн. 418 миң доллар калышы керек эле. Учурда муфтияттын эсебинде 9 млн. 524 миң доллар турат, ошондо 1 млн 894 миң доллар жетпей турат.

Муфтияттагы миллиондор: Ажылыктын акча чыры
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:59 0:00

Ушул жылдын 10-февралында атайын кызмат ажылыктын акчасына байланыштуу иште шектүү катары муфтияттын башкы эсепчиси Жеңишбай Бекиевди жана ошол кездеги муфтий Максатбек Токтомушевди кармаган.

Эртеси Токтомушев башка аймакка чыкпоо тилкаты менен бошотулган. Бул окуялардан улам ал кызматтан өз эрки менен кеткен. Токтомушев муфтиятта түзүлгөн комиссиянын корутундусуна кийинчерээк комментарий бере турганын билдирди.

Экс-муфтий 24-майда Москвага диний жөрөлгөлөрдүн бири – Мавлид майрамын белгилегени барганы белгилүү болду. Атайын кызмат бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.


Муфтияттын Борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөсү Бакыт Нурдинов бул маалыматты жарыяланып кетишине таңданып турат.

Бакыт Нурдинов
Бакыт Нурдинов

“Маалыматтын чыгып кетиши шектенүү жаратат. Комиссия компетенттүү эмес. Текшерген комиссияда бир дагы финансист, экономист жок. Мындан он күн мурун муфтиятта жыйын өткөн. Максат ажы бардык маалыматты берген экен. Башкы эсепчи Жеңишбай Бекиев моюнуна алыптыр. Кептин баары депозитке коюп койгонунда болуп жатпайбы. Бул комиссиянын жыйынтыгын бирөөлөр чыгартып жиберген”

Дин таануучу Эсен Өмүракунов ажылыкты уюштуруудагы каржылык маселелер тууралуу мындай деди:

Эсен Өмүракунов
Эсен Өмүракунов

“Муфтият өзүнүн ордун билиши керек. Чиновниктерге окшоп, алар эмне кылса ошону кылып, анан кадыр-баркыбыз сакталып калат деп ойлоп жатышабы? Кандай ыкма менен шарияттан жол таап жатканы да кызык. Кимдердин акчасы деген маселени да караш керек. Ажылыкка квота берилгенде кыргыздар көп жашаган жерлерде ашып калат. Көбүнчө дунгандар, өзбектер, уйгурлар жашаган аймактарда жылдап кезек күтүшөт. Акчасын албагандар ошолор. Муфтияттагы акчаны ары-бери калчагандар мусулмандардын акчасын топтоп алып, сурак-сопкутсуз депозитке коюп, карызга берип, каалаган жерине жумшаганы эч бир исламдын, шарияттын эрежелерине дал келбеген нерселер. Аалымдар кеңешинин төрагасы ушул маселени көтөрсө баары жаман көрүп жатышат, биздин айыбыбызды чукуп жатат дешип. Айыбыңды чукубаса кантип оңолосуң?".

Дин боюнча эксперт Канат Мурзахалилов муфтият реформага муктаж экенин белгиледи. Бирок мамлекеттик органдардын башкармалыктын ишине кийлигишүүсүн сынга алды:

“Башкармалыктын айланасындагы чырды токтотуу үчүн анын горизонталдык системаларын реформалоого батыл киришүүсү керек. Муфтиятта 2020-2040 деген сыяктуу стратегия кабыл алып, абалды оңдошу керек. Эч качан, эч бир коомдук уюм, жеке адам, бийлик органдары муфтияттын ички уставдык ишине кийлигишпөөсү кажет. Өзүнө коюп бергенде жакшы болмок, бул “өсүү оорусу” деп коет”.


2020-жылы Сауд Арабия ажылык үчүн Кыргызстандын жарандарына 6110 квота берген. Пандемиядан улам былтыр ажылык сапар ишке ашкан эмес.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG