Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:29

Ажылыкка барчулардын саны азайдыбы?


Кыргызстандык ажылар, 3-октябрь, 2013-жыл
Кыргызстандык ажылар, 3-октябрь, 2013-жыл

Кыргызстанда быйыл ажылык сапарды даярдап уюштуруу мурдагыдан алда канча эрте башталды.

Ал эми баасы былтыркыга салыштырмалуу 160 долларга кымбаттады. Муфтият баанын көтөрүлүшүн ажылыктын шартындагы өзгөрүүлөр менен түшүндүрүүдө.

Нарын облусунун Ак-Талаа районунан быйыл ажылык сапарга үч киши барганы жатат. Райондун имамы Жаныбек Жээнбековдун айтымында, бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу аз:

- Мурдагы жылы алты киши барса, былтыр беш киши барып келди. Быйыл болсо үч киши баратат. Ал үчөөнүн экөө имам болуп иштейт. Алардын улуусу 64 жашта, калганы 40 жашка чыгып калган. Быйыл кыш узак болуп, мал кыштан арык чыгып, баасы да арзан болгондуктан көпчүлүгү даяр болбой калды. Эгер акчасы ажылыкка кетер алдында, бир-эки ай мурун чогултула турган болсо барат элек дегендер көп болду.

Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда имам болуп иштеген Шумкар Чыналиев алдын ала төлөө шартынан улам ажылык сапарга бара албай калгандар болгонун кеп салды:

- 6-февралдан 6-мартка чейин каттоо жүрүп жатканда бизден 41 адам катталган. Алар 500 сомду жана 400 долларды төлөгөн. Алардын ичинен азыр 27си ажылык сапардын акчасын толук төлөдү, калганы төлөй элек. Катталып, 500 сом төлөп, бирок кошумча 400 долларды убагында таба албай калып калгандар болду. Бирок башында эле 400 долларды төлөткөнү жакшы болду, себеби анда өздөрүнө ишенгендер гана жазылат экен. Себеби бир жылы мен барам деп эле баары жазыла берип 298 адам катталып алган, бирок алардын 200дөн ашыгы барган эмес.

Чүй облусунун казысы Максат ажы Укуев да ушундай эле себептерден улам быйылкы бөлүнгөн квота толбой жатканын билдирди:

- Бизге жалпысынан 655 квота тийген. Ажыга барам деген 509 адам катталды. Калганын толтура албай калдык. Толбой калды. Бирок бул былтыркыга караганда жакшы. Мисалы, былтыр бизден 350 эле адам барган болчу. Эми арзанырак болсо жакшы болмок, кайрымдуулук кылып бекер кылса жакшы болмок дегендер да бар.

Кыргызстанда ажылардын алгачкы тобу Сауд Арабияга болжол менен 5-6-августтарда жөнөйт. Ажылык амалдары Курман айт майрамында жасалат.

Жол узак, баа кымбат...

Муфтият быйылкы ажылык сапардын баасын 2760 доллар деп эсептеген. Бул былтыркыга караганда 160 долларга кымбат. Төлөмдөрдү жыйноо боюнча да мурдагы жылдарга салыштырмалуу өзгөртүү кирген. Мисалы, ажыга барам деп катталгандар башында эле 500 сом жана 400 доллар төлөөгө милдеттүү болгон. Калган 2360 долларды төлөөнүн соңку мөөнөтү 21-апрелге чейин деп чектелген. Андан кийин бир катар өтүнүчтөрдөн улам бул мөөнөт дагы 28-апрелге чейин узартылган.

Муфтияттын ажылык бөлүмүнүн башчысы Жолдош Абдылдаев буларга токтолду:

- Бизге жалпысынан 4924 адам каттоо үчүн кайрылды. Акча төлөмдөр 3-апрелден 21-апрелге чейин жүргүзүлдү. Бирок адамдардын кайрылуусунун негизинде төлөмдөрдү кабыл алуу 28-апрелге чейин узартылды. Буга чейин биз авиакомпанияга, кийим-кечеге, тамак-аштарга төлөм боюнча кыйналып келчүбүз. "Флайнас" авиакомпаниясынан жылда акчаны күтө тургула деп айтчубуз. Ушунун негизинде виза иштери кеч бүтчү. Быйыл бул авиакомпания билеттин акчасынын 90 пайызын 20-апрелге чейин, кеч дегенде 24-апрелге чейин төлөп бергиле деп шарт койду. Ошонун негизинде биз ажылардан акчаны эрте чогултканга мажбур болдук. Андан сырткары кийим тигүү иштери да башталды. Алар дагы бизге акча которуп бергиле деп талап кылып жатат. Ошондой эле Мекке, Мадинадагы жатакана, тамак-аштар боюнча алар дагы өздөрүнүн шарттарын айтты, акчаны эртерээк жөнөтсөңөр биз бул жактан жатаканаларды ээлеп коет элек деп айтышты. Биз да ушундай себептерден элден акчаны эрте талап кылып жатабыз.

Ажылыкка барчу аялдар арбын

Ажылыкка барчу аялдар арбын

Кыргызстанда ажылык сапарга барууга кызыкдар аялдар көбөйүүдө. Алардын орточо жаш курагы 35-60 жашта. Эксперттер жыл өткөн сайын ажылык сапарга барууну каалаган кыз-келиндер да көбөйүп жатканын айтышат.

Деген менен ажылык сапардын баасына нааразы болгондор бар. Дин таануучу Асан Саипов айрыкча Бишкек-Жидда-Бишкек каттамынын баасы 1555 доллар болгонун көп дейт:

- Жол киреде өтө чоң маселе бар. Мисалы, өзүңөр деле текшерип көрсөңөр болот. Мекке, Мединага түз учуу миң доллардын айланасындагы акча. Бирок ортодогу 600-650 доллар акча кайда кетип жатат? Бул акча муфтиятка түшпөйт. Кимдин чөнтөгүнө түшүп жатат деген маселе бар.

Укук коргоочу Качкын Булатов ажылык сапарга байланыштуу сын-пикир айтып келгендердин бири. Анын баамында, калыптанып калган коррупциялык айла-амалдар жоюла элек:

- Акчанын баарын муфтият өзү деле алып албайт. Мына мен жакында эле макала жаздым. Ошол боюнча тергөө деле болбойт. Буга чейин желип келген акча азыр деле токтой элек. Бааны көбөйтүүнүн деле кажети жок болчу.

Муфтийдин орун басары, ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Акимжан ажы Эргешов мындай дооматтарды четке какты:

- Быйылкы ажылык иштерди биз адаттагыдан бир ай мурун баштадык. Кыргызстанга бөлүнгөн жылдагы эле квотанын үстүнө дагы 900 квота ашыкча бөлүнүп, быйылкы квоталардын саны 4585ке жетти. Мунун баары ачык жарыя менен толтурулду. Бул республика боюнча бирдей мөөнөттө, бирдей шартта жарыяланып, эшиктер ачык болду. Биз квоталар толбой калды деп ойлобойбуз. Анткени дагы 500 адам кезекте турат. Ал эми акча каражаты боюнча маселе деле эмес. Анткени ажылык башка мамлекетте уюштурулат. Биз ошол мамлекеттин шартына көнүшүбүз керек. Ал жактагы айрым талаптар мурдагыдан оор болуп жатат.

Акимжан ажы Эргешов быйылкы ажылык сапардын былтыркыга салыштырмалуу 160 долларга кымбат болгонунун себебин мындайча түшүндүрдү:

- Быйылкы ажылык саратанга, жай чилдеге туш келип жатпайбы. Ошондуктан ажыларга ысык өтпөсүн деп алар муздатылган чатырларды куруп жатышат. Алар сөзсүз чатырларга отурасыңар деп жатышат. “Жок, биздин элибиз сыртта деле отурат, чыдай берет” десек, “жок, биз алардын өмүрүнө кепилдик бере албайбыз, бирөө эле кайтыш болуп калса биз жооп берип калабыз” деп жатышат. Ал эми чатырлардын эң эле арзанынын баасы 160 доллар экен. Ошондуктан биз бул акчаны төлөгөнгө аргасыз болуп жатабыз. Эми бизди сындагандар көп. Билеттин баасы болсо бул авиакомпаниянын талабы болуп жатат. Компания былтыркы бааны өзгөрткөн жок. Алар үч жылдан бери бир бааны кармап келе жатат. Бардыгы эле мурдагы калькуляция. Эч нерсе өзгөргөн деле жок. Эгер бардык төлөмдөр банк аркылуу түшүп жатса, эч ким акчаны колу менен кармабай жатса кантип коррупция болсун? Ал жөн эле сырттагы сөздөр.

Муфтият: ар бир тыйындын эсеби бар

Муфтият ажылык сапарда билеттин баасынан башка эсеп-кысапты азырынча жарыялай элек. Мындан эки жыл мурунку маалымат боюнча учакка кеткен акчадан тышкары, транспорт чыгымына 280 доллардан жана мейманканага 150 доллар алынган. Андан башка ажылыкты уюштуруу чыгымына 70 доллардан алынса, ажылык штабдын жетекчисине 40 доллардан бөлүнөрү эсеп-кысапта көрсөтүлгөн. Ошондой эле тамак-ашка 100 доллар, атайын кийим - ихрамга 20 доллардан, медициналык камсыздандырууга 10 доллардан, күтүүсүз чыгымдарга 50 доллардан бөлүнсө, зыяратчыларды коштоочу ажы башчыларга 50 доллардан чегерилген. Мындан сырткары кайрымдуулук үчүн 150 доллар каралса, муфтияттын чыгашасына 130 доллардан ар бир зыяратчынын ыктыярына жараша сунушталган.

Мусулмандардын демилгелүү тобу деген уюм ыктыярдуу салым дегендин өзүн акылга сыйбаган көрүнүш катары мүнөздөгөн. Муфтият болсо 70 доллар бул ажылыкты уюштуруунун өзүнө тикелей жумшаларын, дагы 150 доллардан кайрымдуулук үчүн деген каражат аалымдар кеңешине, борбордук текшерүү комиссиясына, медреселердин мугалимдерине жана мечиттердин имамдарына ай сайын бериле турган жардамдын жылдык бюджети экенин билдирген.

Мындан сырткары 130 доллардан делген муфтиятка кайрымдуулук каражаты муфтиятта иштеген адамдардын айлыгына, имараттын коммуналдык тейлөөсүнө, окуу-семинарларды уюштурууга жана техникалык базаны чыңдоого төлөнчү каражат экени айтылган.

Ажылыктын баасын арзандатса болобу?

Ош облусунун мурунку казысы Ниязали Арипов Кыргызстандагы ажылык сапардын баасын коңшу мамлекеттерге салыштырды:

- Биздин ажылык башка өлкөлөргө, коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу эң арзан. Биздин ажыларда чыгымдар өтө аз кете турган шарттар каралган. Башка өлкөлөрдө бизге караганда кымбат.

Экономист Эркин Абдразаков Орусия, Казакстан өңдүү мамлекеттерде иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттар айлап-жылдап акча топтоп ата-энесин, жакын тууганын ажылык сапарга жөнөтүп жатканын, мындан улам муфтият мусулмандардын негизги парзын аткаруу шарттарын, жолдорун жеңилдетиши керектигине токтолду:

- Бизде ажыга баргандар көбүнчө өз эсебинен барып жаткан жок. Миграцияда жүргөн бечара балдары, тууган-уругу кыйналып-кысталып жардам берип жатат. Кыргызстандын өзүндө ашыкча киреше таап, сапарга чыгып келчү мезгил эмес. Анан инфляция күчөп жаткан мезгилде билет баасы, айрым авиакомпаниялардын баасы арзандап жатат. Эгер жакшылап сүйлөшсө молдокелер, ыйман жолунда жүргөндөр, араптар деле билет, баасын мынчалык жылдан жылга кымбаттатпайт болчу. Ажыга баргандарга эми ашыкча деле комфорттун кереги жок. Ошол эле учурда ажылык сапардагы кызматтын деле жакшырып кеткенин көргөн жокмун. Эл дагы өзү айтпай жатпайбы. Маңдай тери менен таппаган, тууган-уругу, бала-чакасы берген акчанын баркы жок болгондой болуп жатат.

Кыргызстанда үч-төрт жыл мурда ажылык сапар боюнча чуулгандуу окуялар катталган. Дин иштерин көзөмөлдөгөн аткаминерлерге, муфтияттагы жетекчилерге кылмыш иштер козголгон. Миллиондогон сомдордун изи табылбай жатканы тууралуу маалыматтар чыккан. Кыргызстанга бөлүнгөн квотанын эсебинен башка мамлекеттин жарандары ажыга барып келгени аныкталган. Мындан улам коррупцияны жоюу үчүн ажылыкты муфтият эмес, туристтик фирмалар уюштурушу керек деген өңдүү демилгелер да көтөрүлгөн.

Бирок акыркы эки-үч жылдан бери ажылыкты уюштуруу ишинде чоң чыр коштогон окуялар каттала элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG