Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 13:12

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси кызматына талапкерлердин арызын кабыл алуу 24-февралда аяктайт.

Азыркы муфтий Максат ажы Токтомушевдин үч жылдык мөөнөтү соңуна чыкты. Ал арада айрым мусулман активисттер Токтомушев өз ордуна калышы үчүн Аалымдар кеңешине басым кылып жатат деп айыптап чыгышты.

Кыргызстан мусулмандарынын жалпы курултайы 4-апрелде өтөт. Анда муфтийден сырткары Муфтияттын борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы да шайланат жана Аалымдар кеңешинин курамы жаңырат.

Уставда муфтий болом дегендерге жалпысынан 12 пункттан турган талап коюлган. Анда өлкөнүн Конституциясы, мыйзамдары жана демократиялык коомдун негизги принциптери жөнүндө кеңири түшүнүгү бар, ханафий мазхабын карманган, жогорку диний жана светтик билимге ээ, ислам негиздерин терең өздөштүргөн, муфтиятта кеминде үч жылдык иш тажрыйбасы бар, мусулман коомчулугунун арасында аброю жогору болгон жана элдин ишенимине кирген, саясий партиялар менен саясий кыймылдардын эч бирине мүчө болбогон жана соттолбогон адам болушу керек деп айтылат.

Талапкерлерди каттоо комиссиясынын мүчөсү, Аалымдар кеңешинин төрага орун басары, Ислам университетинин ректору Марс Ибраевдин билдиришинче, арыздарды кабыл алуу уланып жатат жана муфтий Максат ажы Токтомушев кайра шайлоого катыша алат:

- Азыркы муфтийдин кайра шайлоого катышууга укугу бар. Устав боюнча да буга чектөө жок. Талап кылынган эрежелер туура келсе, эч кандай тоскоолдук болбойт. Арыздарды кабыл алуу 24-февраль күнү бүтөт деп айтканбыз. Шариаттын, пайгамбарыбыздын сүннөтүнүн нормасына ылайык, сунуштоо менен келүү деген нерсени коюп жатабыз. Мисалы, Аалымдар кеңеши, казыят, муфтият, диний уюмдар сунуштайт деген жобо бар. Азыр ушуну көзөмөлдөө маселеси болуп жатат. Аалымдар кеңешине талапкерлер сунушталып жатат, алардын баары жазылууда. Муфтийликке дагы сунуштоолор болуп жатат. Бирок азыр кайсы бир ысымдарды айтуу эрте. Аалымдар кеңешине мүчөлүккө каалоочулар көп эле. Бул жакшы жышаан, илимдүү-билимдүү адамдарыбыздын көбөйгөнүнүн белгиси. Ал эми муфтийлик бул албетте өтө жоопкерчиликтүү кызмат. Ошондуктан бардык эле инсандар мен муфтий болом деп эле келе албайт.

Максат ажы Токтомушев кайра шайлоого барганы жатканын расмий айта элек. Муфтий болот дегендердин арасында Аалымдар кеңешинин төрагасы, президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Абдышүкүр Нарматовдун, мурунку муфтий, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловдун аты аталып жатат.

Активисттер каршы

Устав боюнча муфтийликке сунушталган талапкерлердин ичинен үч адамды Аалымдар кеңешинин алдында түзүлгөн комиссия тандап алат. 21 адамдан турган Аалымдар кеңеши ошол үч талапкердин ичинен бирөөнү тандап алып, аны курултайга алып чыгат. Ал талапкерди курултайда делегаттар бекитет.

Мындан улам айрым мусулман активисттер өз ордунда калуу максатында Аалымдар кеңешине басым кылып жатат деп азыркы муфтий Максат ажы Токтомушевди айыптап чыгышты. 17-февралда Бишкекте Кеминдин имамы баштаган адамдар маалымат жыйын өткөрүштү. Анда Анварбек Токтомушев:

- Токтомушев Максатбек ажы кызматка келгени светтик жогорку билими барларды кетирип, алардын ордуна мектепти толук бүтпөгөн, арабча анча-мынча үйрөнүп алгандарды, дааватчыларды кызматка алган учурлар абдан көп. Ошондой эле муфтияттын уставында жазылган Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн Аалымдар кеңеши шайлайт деген көрсөтмөнү эске албастан, өз билгенин кылып, беш ревизорду өз буйругу менен алып, өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, аларга үч жылдан бери мыйзамсыз айлык төлөп келет.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы жана муфтий Максат ажы Токтомушевден мындай айыптоолор боюнча макала даярдалып жаткан маалда комментарий алуу мүмкүн болгон жок.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы Орозбек Молдалиев азыркы муфтий шайлоо жаңы устав менен өткөрүлүп жатканын белгилеп, айрым артыкчылыктарга токтолду. Молдалиевдин пикиринде, коомчулукта күдүк ойлор болбошу үчүн муфтий шайлоо калыс өтүшү шарт:

- Уставда Аалымдар кеңеши бир жылда бир жолу жетекчисин жаңыртып турат. Ар жарым жылда курамынын үчтөн бирин алмаштырып турат деген жоболор бар. Бул абдан жакшы нерсе - курамы жаңыланып, жаңы чечимдер кабыл алынып турат деген мааниде киргизилген. Анан борбордук текшерүү комиссиянын жетекчиси да курултайда гана шайланат. Ал дагы муфтияттан көз каранды болбойт деп ушундай жобо киргизилген. Муфтий Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси катары талапкерлердин баарына бирдей шарт түзүп берүүгө милдеттүү. Муну коомчулук талап кылганга акысы бар. Тандоо комиссиясына калыс, баарына адилет караган адамдар кириши керек. Муфтий шайлоонун калыс өтүшүнө шарт түзүп бериши керек. Чынында шайлоонун тегерегинде бир топ саясий оюндар дагы бар. Айрым аттуу-баштуу адамдар, диний аалымдар эмнеге муфтий түштүк региондун өкүлү боло берет деп айтышат экен.

Дин маселелери боюнча эксперт Нурлан Исмаилов муфтияттагы башкарууга байланыштуу айрым жагдайларга токтолду:

- Негизинен соңку жылдары көп эле жакшы иштер, жылыштар болду. Артка кеттик деп айта албайбыз. Айрыкча ажылык маселесинде мамлекеттик органдар менен биргелешип тартипке салынып калды. Бирок кийинки этапта муфтияттагы менеджментти жакшыртуу керек. Ички башкаруу системасын оптималдаштыруу, натыйжалуулугун көтөрүү бардык эле диний уюмдарга, атүгүл мамлекетке деле тийиштүү маселе. Кийинки этапта мына ушуга көңүл буруу керек. Казыят, имам хатибдер менен иштөө, Аалымдар кеңеши кандай иштеди, эми мындан ары кантип иштейт, программасы өңдүү маселелер талданышы керек. Негизинен муфтий Аалымдар кеңешине басым жасап жатат деген туура эмес. Бир чети бул кадыресе эле көрүнүш, эгер ал ордунда калууну кааласа бирөөлөр менен сүйлөшөт, колдоо издейт.

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев.
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында жалпысынан он муфтий алмашты жана алардын алтоо жети жыл мурдагы апрель окуяларынан кийин шайланды. Муфтийлер жана аларды шайлоого байланыштуу чуулгандуу окуялар да болгон.

2010-жылы апрель окуяларынын маалында ошол кездеги муфтий Муратаалы ажы Жуманов уурдалган жана сабалган. Мындан көп өтпөй каза тапкан.

Андан кийин мусулмандар дин башкармалыгын Абдышүкүр Нарматов менен Руслан Жумагулов кыска мөөнөткө жетектеп калды. Чубак ажы Жалилов муфтиятты 2010-2012-жылдары башкарды жана ал ажылык сапарга байланыштуу ызы-чуудан улам мөөнөтүнөн эрте кызматынан кетти.

Андан кийин 1,5 жылдай муфтий болуп иштеген Рахматулла ажы Эгембердиев чуулгандуу тасмага байланыштуу кызматтан кеткен. Рахматулла Эгембердиевди муфтийликке шайлоонун өзү убагында чуу менен коштолгон болчу. 2013-жылдын этегинде мусулмандар курултайына бир күн калганда бийликтеги айрым адамдар жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет шайлоого катыштырбоо максатында кысымга алып жатканы тууралуу видео кайрылуу жасаган. Ошол күнү атайын кызмат Эгембердиев менен мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловго ажылыктан түшкөн каражаттын салыгына байланыштуу кылмыш ишин козгогон.

Максатбек ажы Токтомушев 1973-жылы Кара-Кулжа районунда туулуп, 1990-жылы Кара-Кулжадагы орто мектепти аяктаган. 1991-жылы Бишкектеги Айыл чарба институтуна тапшырып, аны 1995-жылы бүтүргөн. Алгач дин илимин Бишкекте алып баштап, 1997-жылы Пакистандагы Ал-Арабия университетинин шариат факультетине тапшырып, аны аяктаган. Акыркы жылдары Бишкек шаарынын казысы, муфтийдин орун басары кызматтарында иштеген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG