Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:09

Жыл башынан бери 17 өспүрүм өз жанын кыйды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу көп экени айтылууда. Ислам дини өз жанын кыюу тууралуу эмне дейт?

Жаштардын өз өмүрүнө кол салуусуна бөгөт коюу аракети ушу тапта көпчүлүктү ойлондуруп жаткан чагы. Мусулман дин кызматкерлери ислам баалуулуктары суицидге каршы экенин белгилешүүдө.

Кыргызстан муфтийинин орун басары Аким Эргешов жана Муфтияттын жаштар менен иштөө бөлүмүнүн адиси Абибилла Кадырбердиев ушул жааттагы суроолорго жооп берди.

"Азаттык": Куранда суицид, башкача айтканда, өз өмүрүн кыюу жөнүндө айтылабы?

Аким Эргешов: Ыйык Курандын Ниса сүрөсүндө өзүн-өзү өлтүрүү тууралуу Алла Таала: "Силер өзүңөргө өзүңөр кол салбагыла же өзүңөрдү өзүңөр өлтүрбөгүлө” деп айтат. Эгерде кимде-ким өзүнө-өзү душмандык кылып, зулумдук жасаса, кол салса аны биз тозокко калтырабыз дейт.

Инсан убактылуу жашоого келип, ошол убактылуу жашоодо өз жанына кайдыгер болгондуктан акыретте түбөлүктүү азап тартат. Алла Таала ыйык китебинде адамдын өзүнө-өзү кол салуусуна катуу тыюу салган. Пайгамбарыбыз да өзүнүн көптөгөн хадисинде "силер эч качан Алладан аманат берилген жаныңарга кыянат кылбагыла" деген.

"Азаттык": Абибилла мырза​, пайгамбардын ушул маселеге байланыштуу сөздөрү жөнүндө тагыраак айтып берсеңиз.

Абибилла Кадырбердиев
Абибилла Кадырбердиев

Абибилла Кадырбердиев: Ислам шариаты адамдын өмүрүн коргоо максатында өзүн-өзү өлтүрүүнү же өзүнүн жанына кол салууну арам кылган. Пайгамбар өзүнүн хадисинде мындай дейт: Ким өзүн-өзү тоодон таштап өлтүрсө, ал тозокто да тынбай, түбөлүк өзүн тоодон таштап турат. Кимде-ким уу ичип өзүн-өзү өлтүргөн болсо, ал түбөлүктүү тозокто уу ичип азапталат. Ким өзүн кандайдыр бир темир менен сайгылап өлтүрсө, тозокто да ошол абалда болот.

Исламда инсандын жаны бул өзүнчө бир барктуулукка ээ. Алла Таала ыроолоп берген жанды Алла Таала гана алганга укуктуу. Өзүн-өзү өлтүрүү бирөөнү өлтүрүү менен барабар. Ал эми бирөөнү өлтүрүүнүн канчалык туура эмес иш экени Куран аяттарында, Пайгамбарыбыздын хадистеринде кенен айтылган.

"Азаттык": Адамдын өзүн-өзү өлтүрүүсүнө көп нерсе себеп болот эмеспи. Өзгөчө балдардын өзүн-өзү өлтүрүүсүнө алардын жаштыгы, жеңил ойлуулугу, тажрыйбасыздыгы, максатына, көздөгөн нерсесине болгон талпынуусу көп себеп болот да. Ал эми ошол жаш кезде ата-эне балага кандай көңүл бурушу керек?

Аким Эргешов
Аким Эргешов

Аким Эргешов: Көпчүлүк ата-энелер диний чөйрөдөгү кишилерге кызымды-уулумду куткарып бергилечи деп көп кайрылышат. Ата-эне балага көңүл бурбастан, көчөдөгү же коомдогу маалымат айдыңына таштап салат. Балам чоңоюп жатат деп кайдыгер мамиле кылышат. Биздин доорубузда жаштарды азгыруучу көп нерсе бар. Ата-эне өзүнө суроо бериши керек. Балам жакшы жүрөт, кийими бүтүн, курсагы ток деп таштап койбошу керек. Баланын ичинде эмне болуп жатканын биз билбей калабыз.

Исламда Алла Таала баланын жоопкерчилигин ата-энеге жүктөгөн. Бул жөнүндө пайгамбарыбыз көптөгөн хадистеринде айтып өткөн. Эгер жаш баланын денесинен алган жаракаты болобу же анын күйүп, сынып, майыптыгы болобу кыямат күнү ата-эне жооп берет деген.

"Азаттык": Жаштар негизинен жашоонун маңызын издеп, эмне үчүн жашап жатам деп сурайт эмеспи. Ислам жаштарга эмне сунуштайт?

Абибилла Кадырбердиев: Ислам жаштардын келечегине кайдыгер дин эмес. Көптөгөн жаштар жашоодо максатын жоготууда. Ошондуктан балдарды тарбиялаш керек. Ошол тарбияда сөзсүз диний багытка да басым жасаш керек. Пайгамбарыбыздын хадисинде ата-эне балага жакшы адеп-ахлак үйрөтүүдөн башка жакшы нерсе бере албайт деп айтылган. Башкача айтканда, ата-эненин балага берчү эң кымбат нерсеси бул жакшы тарбия болуп эсептелинет.

Аким Эргешов: Ислам жаштарга жоопкерчиликти сунуштайт. Эмне үчүн шариатта балакатка жетүү деген нерсе бар? Себеби балакатка жеткенге чейинки жоопкерчилик толугу менен ата-энеге жүктөлөт. Ал эми балакатка жеткенден кийин ал жопкерчилик ошол жаш жигиттин же кыздын өзүнө берилет. Ата-эне баланы ошого даярдаш керек. Үй-бүлө бүгүнкү күндө өтө алсыз болуп кетти.

"Азаттык": Бирок жаштар да ошол жоопкерчиликтен качпашы керек да?

Аким Эргешов: Албетте. Качпашы керек. Эгер жаштар жеткиликтүү тарбия алып, жоопкерчиликке ээ болгондо, бүгүнкүдөй болбогон нерселерге багынып бербейт эле.

"Азаттык": Эгерде адамдын ден соолугу начарлап, кыйналып ооруп жатса эмне кылышы керек? Ислам эмне дейт?

Аким Эргешов: Ислам адамдардын жанын, мал-мүлкүн, намысын коргогон дин. Адам эгерде ушунчалык оор абалга түшүп калса да, өзүн-өзү же башка бирөө келип анын жанын алып коюуга акысы жок. Бир гана абалда, мисалы, эгерде эненин курсагындагы бала өзүнө да, эненин жашоосуна да коркунуч алып келип жатса, ошондо гана эки зыяндуунун аз зыяндуусун, баланы алып коюуга шариат уруксат берет. Мына ушундай шартта гана биз акыркы кадамга барабыз. Башка учурда адамдын жаны дайыма ыйык аманат боюнча сакталат.

"Азаттык": Биздин салтыбыз суицидге кандай карайт? Үрп-адаттарыбыз эмне дейт бул маселеде? Бизден мурунку муун суицидге кандай караган?

Аким Эргешов: Биздин салтыбызда да ата-бабаларыбыз өзүн-өзү өлтүрүү маселесинде шариатта каралгандай караган. Шариатта кандай каралса, кандай буйрук кылынса, ошондой деп түшүнүшкөн. Адамдын өзүнө-өзү душмандык кылуусунан ашкан душмандык жок деп билишкен.

"Азаттык": Өзүн сыйлай албаган адам башка бирөөнү да сыйлай албайт да?

Абибилла Кадырбердиев: Биздин аймактын ислам укукчу-аалымдарынын фатвалары (өкүмдөрү) салт менен аралашып, коомго сиңишип, жуурулушуп кеткен. Мисалы, шарият өкүмдөрүндө өзүн-өзү өлтүргөн адамга жаназа окулбайт деп айтылган. Салтыбызда да адамдар бул маселеге ушундай карашкан. Өлгөн кишинин жаназасынын окулбай калышы аябагандай жаман нерсе деп билишкен элибиз.

Аким Эргешов: Өзгөчө жаштарга айтаар элем, ар бир жан бул Кудай Тааладан сунулган чоң белек. Ал белекти биз аярлап, бапестеп, аны коргоп, аны сыйлап, урматтап, кадырлап жашабасак ал жандын да эсеби, жоопкерчилиги бар. Ал үчүн сөзсүз жооп беребиз. Бул дүйнө өзү кыска экенин билип туруп, бирок ал кыска дүйнөнү дагы да кыскартууга эч кандай акыбыз жок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG