Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:46

Бишкекте өспүрүм 8-кабаттан боюн таштап жан берди


Бишкектеги 6-кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринде сегизинчи кабаттан секирген 11-класстын окуучусу каза болду. Бул маалыматты “Азаттыкка” милициядан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн эртең менен болгон. Учурда кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.

Ушул апта башында Бишкектеги Чыгыш-5 кичирайонунда 8-класстын окуучусу төртүнчү кабаттан секирип жан берген.

Акыркы күндөрү баш калаада балдарды өлүмгө түрткөн тармактык “оюн” жайылууда. Интернет аркылуу "Көк кит" аталган, түрдүү хэштег менен тарап жаткан бул опурталдуу "оюн" өспүрүмдөрдү жан кыюуга үндөөгө багытталганы айтылган эле. Өспүрүмдүн өлүмүнүн бул оюнга байланышы бар-жогу такталып жатканын милициядан кабарлашкан. (BkA)

XS
SM
MD
LG