Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:46

Акимжан ажы: Ажылык сапардын акысы кымбаттады


Медина. Сауд Арабия
Медина. Сауд Арабия

Бүгүн ажы сапарына барууну каалагандарды каттоонун акыркы күнү. Кечки саат алтыга чейин жарандар катталса болот. Буга чейин муфтият ажылыкка каттоону 17-майдан 20-майга чейин узарткан. Быйылкы ажылык сапарга аттанчулар РСК банкына кайтарымсыз 500 сом төлөп каттоодон өтүшү абзел.

Ажылык сапарга чыкчулардын даярдыгы кандай жүрүп жатканын сурап “Азаттык” радиосу Кыргызстандын муфтийинин орун басары Акимжан ажы Эргешовду кепке тартты.

“Азаттык”: Акимжан ажы, ажылыкка даярдык кандай, өткөн жылга салыштырмалуу уюштуруу иштеринде айрым өзгөчөлүктөр барбы?

Акимжан ажы: Быйылкы ажылык өткөн жылдарга салыштырмалуу бир канча ыкчам жана так өтүп жатат. Биз толугу менен электрондук каттоого өттүк. Муну биз ажылык кампаниясын уюштуруудагы чоң кадам деп жатабыз.

Негизинен жалпы кризиске карабай, ажыга баруучулардын саны дагы деле жакшы. Жалпысынан Кыргызстанга 3600 квота берилген. Азыркы учурда ушул орунга 4536 киши ажылыкка баруу ниетин билдирип жатат. Бүгүн каалоочулардын акыркы жана так саны чыгат.

“Азаттык”: Квоталар тууралуу суроо, ажылыкка берилген квота аймактарда кандай бөлүштүрүлөт?

Акимжан ажы: Азыркы күнгө чейин биз квоталарды бөлүштүрүүгө кирише элекбиз. Качан гана каттоо аяктап бүткөндөн кийин биз кийинки баскычка киришебиз. Жалпы облустагы шаарлар жана калктын санына жараша квоталар бөлүштүрүлөт. Негизинен буга чейин квоталар кандай пропорциялык негизде бөлүштүрүлүп келсе, дээрлик ошондой эле болот. Бул жаатта өзгөрүүлөр деле болбойт деп жатабыз.

“Азаттык”: Ажылык дегенде эле коррупциялык жолдор эске түшөт. Муфтият жылдан-жылга коррупцияны жойгонго аракет кылып жатат. Бирок квоталарды бөлүштүрө келгенде ар кандай дооматтар айтылып жүрөт. Быйыл коррупция менен күрөштө жылыш барбы?

Акимжан ажы: Биздин дүйнөлүк стандартка жакындашып баратканыбыз коррупцияга каршы чоң күрөш деп санайт элек. Малайзия жана Түркиянын тажрыйбасында адамдар түз кезекке киришет дагы ал электрондук каттоо менен негизделет. Электрондук каттоого киргенде ар бир киши өзү каалап катталып, ошонун негизинде кезегин күтүп тура берет. Биз электрондук түз кезекти кийинки жылга толугу менен киргизебиз деп турабыз. Ал эми быйылкы каттоо деле биздин адистер аркылуу катталып жатат. Ошондой болсо да коррупциянын бир канча бутактарын бууй алдык. Мисалы, буга чейинкиге салыштырмалуу “кел мен сени киргизип коём же сени чыгарып салам” дегенге мүмкүнчүлүк калган жок. Ошондуктан ал жерде биздин ишенип, даярдап дайындаган адистерибиз отурат.

Белгилей кетчү дагы бир жагдай, биз быйыл ажылык сапарда кызмат кылчулардын даярдыгын жогорулаттык.

“Азаттык”: Жалпы ажылыкка баруунун суммасы канча акча болду?

Акимжан ажы: Быйыл ажылыктын калькуляциясы 2600 долларды түзөт. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 50 долларга кымбат. Мындай суммага кымбат болуп калышы FlyNas авиакомпаниясы дүйнөлүк баа жана доллардын валюта рыногунда былтыркыга салыштырмалуу баасы өзгөрүшү менен түшүндүрүп жатат.

Зыяратчыларбызды быйыл Мекке – Медина сапарынын ортосунда 2015-жылкы үлгүдөгү автобустар ташыйт. Алардын тамак-ашы буга чейин 80-90 долларды түзсө, быйыл 210 долларды түзүп жатат. Ошондой эле мечитке эң жакын мейманканаларды алып жатабыз. Мындайча айтканда, бир катар шарттарды кол коюшуп, макулдаштык.

XS
SM
MD
LG