Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:59

Муфтийликке талпынган талапкерлер


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда ушул айдын аягына чейин мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи, Аалымдар кеңешинин жаңы чакырылышы шайланганы турат. Муфтий болгусу келген алты талапкер 21-майда сынак тапшырат.

Аалымдар кеңешинин Каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын 19-майдагы протоколдук чечимине ылайык, Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын (муфтияттын) башчысына сынак 21-майда, саат 14:30да өтөт. Ал эми 22-майда Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна, 24-25-май күндөрү Аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө сынак өтөт. Бирок негизги атаандаштык муфтийге талапкерлердин арасында өтмөкчү.

Муфтий кантип шайланат?

Муфтий болуу ниетин сегиз адам билдирип, алты талапкердин документтери туура келди. Алар: Нурбек Токтогулов, Султанали Гапуров, Шүкүр Исмаилов, Нематилла Жээнбеков, Ниязали Арипов жана Убайдулла Сарыбаев.

Аалымдар кеңешинин алдындагы комиссиянын мүчөсү Абдыманап Масалиев мусулмандардын лидери болгусу келген адамга 10 бөлүктөн турган талап коюлганын айтты.

«Муфтий болом дегендер Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын уставында көрсөтүлгөн критерийлерге жооп бериши керек. Ал жерде талапкерлердин диний жана дүйнөбий билими, иш тажрыйбасы жана жетекчилик жөндөмү каралат. Сынак учурунда мамлекет, саясат жана дин жөнүндө суроолор берилет. Муфтийге талап аябай катуу».

Муфтий болгусу келген алты талапкердин арасында Ош жана Жалал-Абад шаарларынын мурдагы казылары, Ислам университетинин мугалими жана муфтияттын кызматкери бар. Аларды сынактан өткөрө турган комиссия Аалымдар кеңешинин 11-февралдагы кезексиз жыйынында түзүлгөн. Ага 10 адам мүчөлүк кылат. Анын сегизи Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү, калганы мамлекеттик органдардын (УКМК, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия) өкүлдөрү.

Талапкерлерди электен өткөрө турган комиссиянын мүчөсү Бактияр Токтогазиев муфтийди шайлоо жолун мындай түшүндүрдү.

Бактияр Токтогазиев
Бактияр Токтогазиев

“Муфтий болом дегендер 21-майда сынактан өтөт. Сынактан эң жогорку упай алгандардын талапкерлиги мамлекеттик тийиштүү органдарга макулдашууга жиберилет. Андан кийин Аалымдар кеңеши добуш берүү жолу менен бир кишинин талапкерлигине токтолушу керек. Көп добуш алганы муфтий болуп шайланат. Ал шайланган муфтий мусулмандардын курултайында бекитилиши керек”.

Аалымдар кеңеши шайлаган муфтийди бекитип бере турган мусулмандардын курултайы 29-майга белгиленген. Ага жер-жерлерден шайланып келген 200дөн ашуун делегат онлайн катыша турганы айтылып жатат. Курултайдын катышуучулары Аалымдар кеңеши тандаган адамга каршы болуп коюшу мүмкүн. Бирок Кыргызстандын эгемен тарыхында мындай учур каттала элек.

Шайлоо алдындагы шектүү жагдайлар

Мурдагы муфтий Максатбек Токтомушев алгач УКМК козгогон кылмыш ишинде шектүү катары өтүп, андан кийин жазган арызынын негизинде кызматтан кеткен соң 11-февралда Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулган. Ал отурумда мусулмандардын курултайынын датасы 5-апрелге бекитилгени айтылган.

Бирок Каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын төрагасы Мамасабыр Досболов Аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла Кадырбердиевге 29-мартта кат жолдоп, “азыркы кырдаалды эске алганда курултайды тынч өткөрүүгө шарт жоктой” деп жазган. Жыйынтыгында курултайдын мөөнөтү жылып кеткен эле.

Аалымдар кеңешинин Каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын төрагасы Мамасабыр Досболовдун атынан жазылган кат.
Аалымдар кеңешинин Каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын төрагасы Мамасабыр Досболовдун атынан жазылган кат.


Муфтияттын Борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөсү Бакыт Нурдинов муфтияттагы шайлоонун жылып кетишин мындай чечмеледи.

Бакыт Нурдинов
Бакыт Нурдинов

“Апрель айында боло турган курултай эмнеге жылып кетти? Анткени өйдө жактан айтылган талапкер боюнча талаш жаралып калган. Мындан тышкары муфтияттын айланасындагы жамааттар бир пикирге келе албай коюшкан. Мамлекеттик дин комиссиясынын директору Медет Карыбаев ошол жерден оюн жасаган. Каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын мүчөлөрү кысымга кабылган. Аларды коркуткандар дагы болгон. Азыркы шайлоо башаламан өткөнү турат. Шайлоодон кийин чыр чыгышы мүмкүн. Анткени кээ бир талапкерлер тизмеден чийилип калды”.

Аалымдар кеңешинин Каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын төрагасы Мамасабыр Досболов жазган катта аны телефон аркылуу коркутуп жатышканы да жазылган. Төраганы коркуткан адам Ош облусунун мурдагы казысы Шакир Маматовдун жакыны экени айтылган. Бул иш боюнча Шакир Маматов Ички иштер министрлигине сурак берип чыккан.

Жыйынтыгында Каттоо жана аттестациялоо комиссиясы Шакир Маматов менен Сайдамир Жейналиевди талапкерлердин катарына кошкон эмес. Мунун себебин “эки талапкердин билими муфтияттын талаптарына жооп бербейт” деп түшүндүрүшкөн.


Шайлоодон четтеген Шакир Маматов “Азаттыкка” буларды айтып берди:

“Бул жерде жердешчилик болуп кетти. Анткени каттоо жана аттестациялоо комиссиясына бир райондун тургундары чогулуп алган. Алар өз кишилерин сүрөп жатышат. Мени жарыштан четтете турганын башынан эле айтып жатышкан. Ошол комиссияда светтик жана диний билими жок адамдар отурат. Мен эки жаатта тең билим алгам. Кыргызстандагы алгачкы ачылган медреселердин бирин кызыл диплом менен бүткөм. Эми ошону орто билим деп атышат. Ислам университети кийин ачылды”.

Муфтияттагы шайлоону өткөрүү милдетин алган Аалымдар кеңешинин Каттоо жана аттестациялоо комиссиясы кысым толугу менен токтогонун, шайлоо өткөрүү үчүн туруктуу кырдаал түзүлгөнүн айтып жатышат. Анын мүчөсү Абдыманап Масалиев нааразы болууга такыр негиз жок экенин билдирди.

“Бул чечимди бир адам кабыл алса нааразы болсо жарашат эле. Чечимди 10 адам кабыл алды. Биз бир жерге жашырынып алып сүйлөшкөн жокпуз. Баардык чечимдер ачык-айкын өттү. Өздөрүнүн диплому туура эмес болуп бизне доомат койсо, анда алардын абийирине койдук. Бул жерде нааразы болгонго негиз жок”.

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын уставына ылайык муфтий төрт жылга шайланат. Азыркы учурда муфтийдин милдетин Жоробай Шергазыев аткарууда.

Муфтийлер кызматтан кантип кеткен?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:19 0:00

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG