Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

Бишкек-Батуми авиакаттамы 17-июлда башталат


"Эйр Манас" компаниясынын учагы.
"Эйр Манас" компаниясынын учагы.

Бишкек-Батуми-Бишкек багытындагы алгачкы чартердик авиакаттам 17-июлда башталат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.

Грузиянын экономика жана туруктуу өнүгүү министри Натия Турнава Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы каттам тууралуу 18-июнда билдирген. Ал ноябрга чейин жумасына бир жолу ишке ашырылат.

Батуми - Грузиянын туристтик аймагы. Каттам негизинен туристтик саякатка багытталган.

Кыргызстандын борборунан Орусияга, Казакстанга, Түркияга, Өзбекстанга, Кувейтке, Бириккен Араб Эмираттарына такай каттамдар бар. Кытай менен Индияга каттамдар коронавирустан улам аткарылбай турат. Айрым мамлекеттерге мезгил-мезгили менен чартердик рейстер уюштурулат. Августтан баштап Беларуска түз каттам ачуу пландалууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG