Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

Чехияда торнадо үч адамдын өмүрүн алды, 150дөн ашууну жабыр тартты


Катуу куюндун кесепети.
Катуу куюндун кесепети.

Чехиянын түштүк-чыгышында торнадонун кесепетинен кеминде жети калктуу конуш жабыркады. Үч адам каза болду. 150дөн ашыгы жаракат алганы кабарланууда.

Катуу куюн ондогон имараттарды, автоунааларды жараксыз абалга алып келди. Шамалдын ылдамдыгы саатына 330 чакырымга чейин жеткен. Грушки аттуу айылдагы бардык имараттар талкаланып, дубалдары гана калды. Андан башка да айылдарда үй-жайлар кыйрады. Он миңдеген адам электр жарыгы жок калган.

Кырсык болгон жерде учурда өрт өчүргүчтөр, куткаруучулар иштеп жатат. Коңшу Австрия менен Словакия да куткаруучуларды жөнөттү. Табигый кырсыктын кесепетин жоюуга аскерлер да тартылышы мүмкүн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG