Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Кылмышты жашырууга аракет кылган милиция кызматкери кармалды


Кылмышка шектүү. (УКМК тараткан сүрөт) 25.06.2021
Кылмышка шектүү. (УКМК тараткан сүрөт) 25.06.2021

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Жалал-Абаддын Кара-Көл шаардык милициясынын тергөөчүсүн пара талап кылууга шектеп кармады.

Маалыматка ылайык, тергөөчү кылмышка шектүү адамдар менен сүйлөшүп алып, ишти жабуу максатында 40 миң сом сураган.

Бул фактs Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Шектүү Жалал-Абад шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG