Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:53

COVID-19: Кыргызстан Жапониядан вакцина сурады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрөгасынын орун басары Жылдыз Бакашова Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Шигеки Маэда менен жолугуп, коронавируска каршы вакцина берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүндү. Ал Кыргызстанга 1,1 миллион доза вакцина жана муздаткычтар зарыл болуп жатканын белгиледи.

“Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны өтө аз болуп жатат. Ушул мезгилде жапон өкмөтү бизге колдоо көрсөтүп, пандемиянын кесепетин жоюуга көмөктөшөт деп ишенебиз”, - деди Бакашова.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, жогушуунун жыйынтыгында элчи калкты эмдөө маанилүү экенине токтолгон. Бирок вакцина маселеси кандай чечилгени тууралуу маалымат айтылган жок.

Ушул күндөрү Кыргызстанда коронавируска каршы 100 миң киши эмделди. Бийлик калкты эмдөө өнөктүгүнө кытайдын жана орусиянын вакциналарын колдонуп жатат.

Гуманитардык жардам катары берилген Кытайдын Sinopharm вакцинасынын биринчи партиясы май айынын этегинде түгөнгөн. Учурда кытай вакцинасынын экинчи партиясы келери күтүлүүдө.

Мындан тышкары Казакстандын коронавируска каршы QazVac вакцинасынын 50 миң дозасы жана эл аралык COVAX программасы аркылуу 210 миң доза AstraZeneca вакцинасы келери айтылган. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG