Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:05

Султанбеков Акылбек Жапаровдун үстүнөн Башкы прокуратурага арыз жазды


Темирлан Султанбеков
Темирлан Султанбеков

“Социал демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун үстүнөн Башкы прокуратурага арыз жазды. Султанбеков арызын Улуттук коопсуздук комитетине, Ички иштер министрлигине жана президент Садыр Жапаровго дагы жолдогон.

Анын айтымында, Акылбек Жапаров жана аялы Анара Жапарованын фирмаларынын төккөн салыгын текшерүү керек. Ал жоюлуп кеткен Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы өткөн жылы Анара Жапаровага таандык фирмалар 90 млн. сом салык жашырганын аныктап, анын 28 миллионун төккөнүн, бирок калган сумма боюнча маалымат жок экенин айтат.

Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – экономика жана финансы министри болуп 1-июнда дайындалган. Ал Султанбековдун арызы тууралуу комментарий бере элек.

Темирлан Султанбеков буга чейин Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбековдун үстүнөн Башкы прокуратура арыз жазган.

Акылбек Жапаров менен Темирлан Султанбеков "Азаттыктын" Эксперттер талдайт" талкуусунда кайым айтышып кеткен. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG