Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:37

Талас: Чоң-Капка айылынын тургундары акцияга чыгышты


Талас. Чоң-Капка
Талас. Чоң-Капка

Манас районунун Чоң-Капка айылынын тургундары "Алмаз" таш майдалоочу заводу белгиленген чектен өтүп, мыйзамсыз жерлерди казып жатканын айтып, 24-июнда заводдун алдына нааразылык акцияга чыгышты.

Алар таш майдалоочу завод Талас суусуна жакын жерлерди казып, айылга коркунуч туулуп жатканына арызданышты.

Чогулгандар менен Манас районунун акиминин орун басары Замирбек Курманалиев жолуккан. Ал "Азаттыкка" нааразылыкка чыккандар Чоң-Капка айылына таш, кумду акысыз кылып же арзандатып бергиле деп жатканын айтты.

Курманалиевдин айтуусунда, завод жетекчилиги сүйлөшүүдөн кийин ал жерлерди казбай турганын билдирди.

Үч-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Капка айылында жайгашкан таш майдалоочу завод 1973-жылы, Киров суу сактагычынын курулуш иштерине байланыштуу ачылган. Анын жалпы аянты 12 гектар жерди ээлейт. (MKu, МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG