Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2021 жума, Бишкек убактысы 21:40

Шекер, эт, өсүмдүк майынан кошумча нарк салыгы алынбайт


Ош базары. 2020-жыл

Кыргызстанга шекер, өсүмдүк майы жана эт алып кирүүдө кошумча нарк салыгынан бошотуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өкмөттүн кезексиз жыйынында билдирди.

Улукбек Марипов кошумча нарк салыгынан бошотуудан бюджетке 200 млн. сомдой түшпөй каларын, бирок бул чечим азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо оң натыйжа берерин айтты.

Улукбек Марипов өткөргөн өкмөттүн жумушчу кеңешмесинде эпидемиологиялык абалды турукташтыруу, вакцинациялоо, азык-түлүк жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери, аларды чечүү жолдору талкууланды.

2021-жылы Кыргызстанда жана кошуна мамлекеттерде кургакчылык байкалууда. Айрым эксперттер азык-түлүк маселеси курчушу мүмкүн деп эскертүүдө. Акыркы айларда Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы кескин өсүп кетти. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG