Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Министрлер кабинети бир катар азык-түлүктү экспорттоого тыюу салды


Министрлер кабинети. 15-май 2021-жыл.
Министрлер кабинети. 15-май 2021-жыл.

Министрлер кабинети азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн бир катар айыл-чарба азыктарын экспорттоого чектөө киргизилип жатканын билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун айтуусунда буудай, ун, шекер, күрүч, өсүмдүк майы, жумуртканы Евразия экономикалык биримдигинен тышкары үчүнчү өлкөлөргө экспорттоого чектөө киргизилет. Малдын тоюту кымбаттап жаткандыктан чөп, байытылган тоют, жүгөрү жана арпаны өлкөдөн чыгарууга толук тыюу салынат.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Министрлер кабинети кезексиз жыйынга чогулду.

Улукбек Марипов өткөргөн өкмөттүн жумушчу кеңешмесинде эпидемиологиялык абалды турукташтыруу, вакцинациялоо, азык-түлүк жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери, аларды чечүү жолдору талкууланды. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG