Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:14

Улукбек Марипов элди вакцина сайдырууга чакырды


Улукбек Марипов
Улукбек Марипов

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов эпидемиологиялык абал боюнча кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Анда Марипов бардык жарандарды коронавируска каршы вакцина сайдырууга чакырып, өзү жакында вакцина ала турганын айтты.

"Бардык жарандар, айрыкча 50-60 жаштан ашкан жарандарыбыздын бардыгы вакцина алыш керек. Өзүм дагы жакынкы күндөрү вакцина сайдырам. Санитардык-эпидемиологиялык талаптарды, анын ичинен маска тагынуу, социалдык дистанцияны сактоого чакырам. Той-топурларды кыскартууга баарыбыз киришүүбүз керек. Өткөн жылдагы кайгылуу күндөрдү эсибизден чыгарбасак. Кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүүдөн алыспыз, бирок ар бир жаран коомдун алдындагы жоопкерчилигин сезип туруш керек".

Улукбек Марипов Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина жетишсиздигин моюнга алып, маселени тез арада чечүү үчүн чечимдер кабыл алынарын айтты.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө ушул жылдын 29-мартында башталган. Эмдөөгө Кытайдын Sinopharm жана Орусиянын “Спутник V" вакциналары колдонулуп жатат.

Эмдөө башталганда премьер-министр болуп турган Марипов вакцина сайдырбай турганы белгилүү болгон. Өкмөттүн басма сөз кызматы ал мурда COVID-19 менен ооруп сакайганын, тест тапшырганда антиденече көрсөткүчү жогору чыккандыктан, дарыгерлер эмдөөгө муктаждык жок деген тыянак чыгарганын билдирген.

Коронавируска каршы эмдөөдөн президент Садыр Жапаров дагы өтө элек.

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал курчуп баратат. Учурда 100 000 жаран коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алды. Алардын жарымы экинчи дозаны да алып бүтүп калды. (МТа)

XS
SM
MD
LG