Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:06

Өзбек-тажик чек арасында кыргыз жараны кармалып турат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандык айдоочу Виталий Шульц Өзбекстан менен Тажикстандын ортосундагы "Фотехобод" өткөрүү пунктундагы бажы бекетинде кармалып турат.

Ал эл аралык каттамда жүк ташый турганын, Германиядан кайтып келатып, 21-июнда Өзбекстан аркылуу Тажикстанга киргенде токтотулганын "Кактус Медиа" басылмасына билдирген.

Тажикстандын Мамлекеттик бажы кызматы муну "Азаттыкка" тастыктады. Мекеменин Норматов деген өкүлүнүн айтымында, Шульцтун документинде мандем болгондуктан токтотулган.

"Эл аралык каттамдагы кыргызстандык айдоочуларга тажик тараптан чектөө жок. Айдоочунун (Шульцтун) өкүлдөрү менен байланыштык, тийиштүү кеп-кеңеш берилди, маселе каралып жатат",- деди Норматов.

Кыргызстан тараптан Шульцтун жагдайына байланыштуу маалымат алууга азырынча мүмкүн боло элек.

Айрым басылмалар кыргызстандык айдоочу Тажикстандын чек арасында барымтада калганын жазышкан. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG