Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:36

Саламаттык сактоо министрине эскертүү берилди


Улукбек Марипов
Улукбек Марипов

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Саламаттык сактоо министрлигинин коронавируска каршы эмдөө ишин канааттандырарлык эмес деп таап, министрге жана орун басарына эскертүү берди.

Министрлер кабинети тараткан маалыматта көз карандысыз эксперттердин баамында, былтыркы жылдан дагы жаман абал күтүлүп жатканы, эмдөө ишинде кечеңдетүү жол берилгис экени айтылат.

Ошондой эле, вакцина сатып алууга бюджеттен 815 млн. сом бөлүнгөн менен, келишимдер кечеңдетилип түзүлүп, ташып келүү иши созулуп жатканы жазылган.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге жана орун басары Жалаладин Рахматулаевге эскертүү берилди.

Мындан тышкары энергетика жана өнөр жай министрлигине кычкылтек чыгарган эки станция курууну сунуштоого эки күн берилди.

Расмий маалыматка караганда, пандемия башталган бир жыл аралыгында Кыргызстанда COVID-19ду жуктургандардын расмий эсеби 120 миңге жакындады. 106 миңден ашыгы сакайды. Вирустун курмандыктары 2 миң кишиге чамалады.

Коронавируска каршы 100 миң киши эмделди. Март айынын этегинде башталган бул өнөктүктө гуманитардык жардам катары берилген Кытайдын Sinopharm жана Орусиянын “Спутник V" вакциналары колдонулууда. Кыргыз өкмөтү вакциналардын кошумча дозасын күтүп жатат. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG