Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:31

Министр Жапаров: Эмдөөдөн өтпөгөн мамлекеттик кызматкерлерге айлык бербеш керек


Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

Министрлер кабинетинин төрөгасынын орун басары, экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров эмдөөдөн өтпөгөн мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын бербөө маселесин көтөрдү. Ал мындай пикирин 24-июндагы өкмөттүн кезексиз жыйынында билдирди.

“Эмдөөнүн ыктыярдуу жана мажбурлоо жолдорун киргизели. Саламаттык сактоо министрлиги өзү эмдөөдөн өтпөй жатса, биз эмне кылабыз. Врачтар улам-улам ооруп жатпайбы. Калган армия, Ички иштер министрлиги сыяктуу жалпы 368 миң кызматкер эмдөөдөн өтпөсө "айлык албайсыңар" деш керек. Менин ушул сунушумду колдоп берүүңүздөрдү өтүнөм”, - деди Жапаров.

Өлкөдө вакцина алгандардын саны 100 миңге жетти. Кыргызстандыктарга Кытайдын жана Орусиянын вакциналары сайылууда. Эл аралык COVAX программасынын алкагында Astra Zeneca вакцинасынын 210 миң дозасы келери расмий маалымдалган.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлагандай, өлкөдө COVID-19 вирусун жуктургандардын расмий эсеби 25-июнда 119 миңге жетип калды. Алардын 107 миңден көбүрөөгү айыгып, 1964ү каза болду. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG