Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:35

Айрым мамлекеттик кызматкерлер "Спутник V" вакцинасын алат


"Спутник-V" вакцинасы.
"Спутник-V" вакцинасы.

Эл менен тыгыз иштешкен мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринин баарына "Спутник V" вакцинасын алууга уруксат берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Андай мекемелерге Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Коргоо министрлиги, Бажы кызматы, социалдык кызматкерлер кирет.

Буга чейин Кыргызстанда 18ден 65 жашка чейинкилерге Кытайдын Sinopharm, 65тен ашкандарга Орусиянын "Спутник V" препараты сайылып келген.

Гуманитардык жардам катары берилген Кытай вакцинасынын биринчи партиясы май айынын этегинде түгөнгөн. Ал 75 миң адамга ылайыкталган болчу. Учурда дагы ушунча көлөмдө экинчи партиясы келери күтүлүүдө.

Ал эми Орусиядан 80 миң доза сатып алынган. Мындан тышкары эл аралык COVAX программасы аркылуу 210 миң доза AstraZeneca вакцинасы келери айтылган.

Кыргызстанга 1,1 миллион доза вакцина жана муздаткычтар зарыл болуп турат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орунбасары Жылдыз Бакашова айтып, Жапониядан коронавируска каршы вакцина берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүндү.

25-июнга карата өлкөдө 100 000 адам эмделди. Өкмөт вакцина алууну каалаган жарандардын саны аз болуп жатканын айтууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG