Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:29

Орхан Инандынын тарапкерлери дагы акцияга чыгышты


Орхан Инандыны табуу талабы менен митингге чыккандар. 25-июнь, 2021-жыл.
Орхан Инандыны табуу талабы менен митингге чыккандар. 25-июнь, 2021-жыл.

“Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын тарапкерлери 25-июнда кайрадан акцияга чыгышты. Ондогон жаран өкмөт үйүнүн алдына чогулуп, бийликтен Инандыны табууну өтүнүп жатышат.

Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болууда. Анын тарапкерлери эки жумадан ашуун акцияларды тынбай өткөрүп турушту.

Орхан Инандынын жоголушу боюнча милиция Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш ишин козгогон, Интерпол да издеп жатканы айтылган. Президент Садыр Жапаров тийиштүү мекемелерге аны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган.

Расмий маалыматтар боюнча, Инанды Кыргызстандын чек арасы аркылуу чет өлкөгө чыккан эмес. Жубайы Рейхан Инанды күйөөсүн издөөгө жардам сурап Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине кат жазганын, бирок аны кабыл албай коюшканын адвокаты 15-июнда билдирген.

Теги түркиялык Орхан Инанды - Кыргызстандын жараны. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал кантип жарандык алганы иликтенип жатканын маалымдашкан. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG