Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:43

Коронавирус дагы 875 кишиге жукту, алты бейтап көз жумду


Кыргызстанда соңку бир суткада дагы 875 кишиге коронавирус жукканы аныкталды. Ооруп жаткандардын арасынан алты адам көз жумганын COVID-19га каршы Республикалык штаб 25-июнда кабарлады.

Ооруканада жаткан 2700дөн көбүрөөк адамдын миңге жакынынын абалы оор.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлагандай, өлкөдө COVID-19 вирусун жуктургандардын расмий эсеби 25-июнда 119 миңге жетип калды. Алардын 107 миңден көбүрөөгү айыгып, 1964ү каза болду.

Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну курчуп, күнүгө жүздөгөн адамга оору жугуп жатат. Вируска чалдыккандардын теңинен көбү Бишкекте жана Чүй облусунда катталууда. Ош, Жалал-Абад облустарында да кайра күчөп баратат. Башка аймактарда да абал дурус эместигин адистер белгилешүүдө.

Өлкөдө вакцина алгандардын саны 100 миңге жетти. Кыргызстандыктарга Кытайдын жана Орусиянын вакциналары сайылууда. Эл аралык COVAX программасынын алкагында Astra Zeneca вакцинасынын 210 миң дозасы келери расмий маалымдалган.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, жер жүзүндө коронавирус жуккандардын саны 180 миллионго жакындап калды. 2,5 миллиарддан көп адам эмделди. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG