Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:15

COVID-19: өкмөт "кара июлду" унутпоону эскертти


"Кызыл зонада" иштеген медкызматкер.
"Кызыл зонада" иштеген медкызматкер.

Министрлер кабинети 24-июнда чукул жыйынга чогулуп, Кыргызстанда коронавируска байланышкан абалды талкуулады. 

Жыйында өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды жакшыртуу боюнча маселелер жана илдеттин өсүшүнө саламаттыкты сактоо системасынын даярдыгы каралды.

Кабинеттин төрагасы Улукбек Марипов элге кайрылды. Анын айтымында, өкмөт массалык иш-чараларды өткөрүүнү кошпогондо, кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүүнү көздөбөйт. Ал коронавирустун жайылышынын алдын алууга салым кошууга, былтыркы "кара июлду" унутпоого чакырды:

Улукбек Марипов.
Улукбек Марипов.

"Ар бирибиз жакындарыбыздын өмүрү жана ден соолугу үчүн социалдык жоопкерчиликти сезе билишибиз керек. Коронавируска каршы биргелешкен күрөшкө биздин салымыбыз болот. 2020-жылдагы “кара июль” кандай болгонун унута элекпиз. Бул кайгылуу окуялардын кайталанышын эч ким каалабайт. Ар бирибиздин саламаттык жөнөкөй санитардык ченемдерди сактоодон көз каранды. Өзүңүздүн жана жакыныңыздын өмүрүнө коркунуч келтирбеңиз, көп эл чогулган жерлерден алыс болуңуз, тойлорго жана башка ири иш-чараларга барууну чектеңиз».


Мариповдун маалыматына караганда, COVID-19га каршы вакциналарды сатып алууга бюджеттен 815 миллион сом бөлүнгөн, бирок келишимдер кечигип түзүлгөн.

Ал Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин калкты коронавирус инфекциясына каршы вакциналар менен камсыздоо боюнча иши канааттандырарлык эмес экенин айтты.

«Оорунун көрсөткүчү күн сайын өсүүдө, адамдар күн сайын өлүп жатышат. Көз карандысыз эпидемиологиялык эксперттер өткөн жылга салыштырмалуу начар көрүнүштү божомолдошот. Саламаттыкты сактоо министрлиги республиканы вакциналар менен камсыз кылуу боюнча канааттандырарлык эмес иштерди жүргүзгөн".

Өкмөт билдиргендей, өлкөдө 2 миллиондон ашык жаран эмдөөдөн өтүшү керек. Жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармектер менен камсыздоо департаменти дары-дармектердин бааларына көзөмөл жоктугу үчүн сынга кабылды.

"Цефепим дарысы Бишкекте 121 сом болсо, Таласта 953 сом. Чоң айырмачылык. Департамент кайда иштейт? Эмне үчүн бул баалар көзөмөлгө алынбай жатат?”, -деди Марипов.

Мындан тышкары Энергетика жана өнөр жай министрлигине эки күндүн ичинде суюк кычкылтек өндүрүүчү 2 станция куруу боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырмасы берилди. Тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар коюлду.

Кыргызстанда соңку бир суткада дагы 822 кишиге коронавирус жукканы аныкталды. Дагы беш бейтап көз жумганын COVID-19га каршы Республикалык штаб 24-июнда кабарлады.

Ооруканада жаткан 2600дөн көбүрөөк адамдын 120сынын абалы өтө оор, 800дөн көбү оор абалда.

Өлкөдө COVID-19 вирусун жуктургандардын расмий эсеби 24-июнда 118 106 кишиге жетти. Алардын 107 миңге жакыны айыгып, 1 958и каза болду.


Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну курчуп, күнүгө жүздөгөн адамга оору жугуп жатат. Вируска чалдыккандардын теңинен көбү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталууда. Адистер аймактарда да абал дурус эместигин белгилешүүдө.

Өлкөдө вакцина алгандардын саны 92 минден көбүрөөк. Кыргызстандыктарга Кытайдын жана Орусиянын вакциналары сайылууда. Эл аралык COVAX программасынын алкагында Astra Zeneca вакцинасынын 210 миң дозасы келери расмий маалымдалган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун жер жүзүндө коронавирус жуккандардын саны 180 миллионго жакындап калганын билдирди. Эки миллиардан көп адам эмделди.

22-июнда бир сутка ичинде коронавирус 931 кишиден табылып, былтыркы жылдын июль айынан берки эң жогорку көрсөткүч болду. Өлкөдө былтыр июндун акырында ооругандардын жана өлгөндөрдүн саны дароо эселеп өсүп кеткен. Өлкөдө дем алдыруучу аппараттар, ооруканаларда орундар, дарыгерлер, дары-дармек жетишкен эмес. Ал кездеги жоготуулар "кара июль" деген аталыш менен элдин эсинде калган.

Индиядагы коронавирус кризиси - коңшуларга коңгуроо
please wait

No media source currently available

0:00 0:34:58 0:00


Бирок вирус жугузгандар, курмандыктар тууралуу мындай сандар расмий эсеп гана. Бир катар дарыгерлер, байкоочулар иш жүзүндө вируска чалдыккандар, жана андан өлгөндөр, тест тапшырбай үйдө жаткандар мындан бир топ көп болушу мүмкүндүгүн айтып келатышат.

Индияда жазында болуп көрбөгөндөй өлүм-житимге алып келген коронавирустун "дельта" деп аталган түрү дүйнөнү кооптондуруп жатат. Кыргызстанда да адистер "үчүнчү толкундун" башталышына "дельта" себеп болгонун боолгошууда.

СOVID-19 оорусун алдын-ала божомолдоо жана эпидемиологиялык кырдаалды моделдөө боюнча адис, эпидемиолог Айжан Дооронбекованын айтымында, Кыргызстанда да статистиканын өсүп жатышына кооптуу деген Индия штаммы себеп болгону тууралуу божомол бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG