Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:00

COVID-19: Түркия чектөөлөрдү алды


Стамбул шаары.
Стамбул шаары.

Түркия 1-июлдан баштап коронавируска байланышкан чектөөлөр толук алынарын жарыялады. Жергиликтүү серепчилер чет жактан келген туристтерден талап кылынган чаралар жетишсиз экенин айтышууда.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын дүйшөмбүдө элге кайрылуусунда коронавирус чектөөлөрү 1-июлдан баштап толугу менен алына турганы айтылды.

Президент буга чейин кечки саат 22.00дөн таңкы саат 05.00гө чейин жана жекшемби күндөрү өлкө боюнча коменданттык саат эрежеси алынарын жана кафе-ресторандар толугу менен ачыларын билдирди. Ошол эле учурда өлкөдө беткап эрежеси тыкыр сакталары эскертилди.

Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

Ал ортодо Орусия 22-июндан баштап Түркияга аба каттамдарын ачты. Орусия эпидемиологиялык абалдан улам Түркия менен аба каттамдарын ушул жылдын 15-апрелинде токтоткон болчу. Шейшембиде эртең менен Москвадан Анталияга алгачкы туристтер учуп барды. Бир күндө 44 учак Жер ортолук деңизинин боюндагы бул аймакка 12 миң жүргүнчүнү ташып келери пландалууда.

Орусиянын Туроператорлор ассоциациясынын аткаруучу директору Майя Ломидзе быйыл күзгө чейин үч миллинго жакын турист Түркиянын туристтик аймактарына бара турганын болжоп жатат.

Майя Ломидзе.
Майя Ломидзе.

"Туроператорлор ассоциациясынын аналитикалык кызматынын маалыматы боюнча, мейманканалардын баасы кымбаттабаса, ошондой эле, коронавируска каршы кошумча чектөөлөр кирбесе, Орусиядан Түркияга туристтердин агымы сентябрга чейин үч миллион кишиге жетиши мүмкүн", - деди Ломидзе.

Түркиянын туристтик аймактарында эң көп эс алган чет элдиктердин ичинен орусиялыктар биринчи орунда турат. Былтыр чектөөлөргө карабай бул өлкөгө эки миллионго жакын орусиялык турист барган.

Расмий Анкара болсо өлкөгө келе турган туристтерге төрт шарттын бири аткарылышы керек экенин эскертет. 14 күн мурун коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнү, алты ай мурун вирусту жугузуп айыкканы тууралуу маалымкат, 72 саат мурда чыгарылган жана вирус жок деген ПЧР-тестинин жыйынтыгы же акыркы 48 саатка ылайыктуу антиген тестинин терс натыйжасы болушу керек. Мындан тышкары, түрк бийлиги өлкөгө кирген айрым туристтерден аэропортто кайрадан тест алышы мүмкүн экенин эскертет.

Стамбул шаары.
Стамбул шаары.

Анткен менен түркиялык серепчилер бул талаптар оорунун сырттан киришине толук кепилдик бере албайт дешет. Профессор Сарп Үнер аба каттамдарынын ачылышы жана туристтик аймактарда эс алуучулардын көбөйүшү кооптуу экенин белгилейт.

"Бийликтин туристтерге койгон талабы менен жергиликтүүлөрдүн саламаттыгын тобокелге салбашыбыз керек. Анткени, тесттердин туура жыйынтык берүү ыктымалдуулугу 50-60 пайызды гана түзөт. Ошондой эле, эмдөөдөн өткөндөрдүн вирусту кайра жугузуп алуу ыктымалы да тыкыр текшериле элек. Эң маанилүүсү, учурда коронавирус күч алган өлкөлөрдөн келген туристтерди 14 күн обсервацияга жаткыруу да каралышы керек. Мындай нерсе учурда Түркияда жок".

2020-жылы Түркияга келген чет өлкөлүктөрдүн саны кескин азайып кеткен. Өзгөчө Анталия, Бодрум, Измир аймактарындагы чоң мейманканалардын айрымдары ачылган эмес. Түркиянын Туризм жана маданият министрлигинин май айына карата берген статисткасы боюнча өлкөгө эң көп Германия, Орусия жана Украинадан туристтер келген.

Анталия. Иллюстрациялык сүрөт
Анталия. Иллюстрациялык сүрөт

Министрлик ошондой эле, май айында туристтик аймактарда иштеген бардык жумушчулар коронавируска каршы вакцинанын эки дозасын алганын кабарлаган. Алардын арасында беш жылдыздуу мейманканада иштеген кыргызстандык Фаина да бар.

"Башка мейманканаларды билбейм, бирок мен иштеген жерде жумушчулардын баары вакцина алышы керектиги айтылган. Биз туристтер менен тыгыз иштегендиктен эмдөө талап кылынат. Бул өзүбүздүн жана туристтердин саламаттыгы үчүн маанилүү. Мен 31-майда вакцинанын биринчи дозасын алдым".

Эмдөө демекчи, Түркия өткөн аптада бир күндө бир жарым миллион доза вакцина сайды. 22-июнга карата маалымат боюнча 14 миллиондон ашык жаран вакцинанын экинчи дозасын алган. Бул сан 83 миллион калктын 17% гана түзөт. Учурда өлкөдө ооруга каршы вакцина 25 жаштан улууларга сайылууда.

Вакцинаны түркиялыктар гана эмес өлкөдө туруктуу жашаган чет өлкөлүктөр да акысыз алып жатышат. Статистика боюнча Түркияда вирусту жугузуп алгандар жаз айларына караганда эселеп төмөндөдү.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG