Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:35

Орусия Түркияга аба каттамдарын ачат


"Түрк аба жолдорунун" учагы.
"Түрк аба жолдорунун" учагы.

Орусия Түркияга аба каттамдарын ачат. Бул тууралуу Орусиянын вице-премьер-министри Татьяна Голикова 18-июнда маалымдады.

"Түркиядагы эксперттик комитеттин жыйынтыгы боюнча 22-июндан баштап Түркия менен аба каттамдарын толугу менен баштоо чечими кабыл алынды", - деди ал.

Орусия эпидемиологиялык абалдан улам Түркия менен аба каттамдарын 15-апрелде токтоткон. 17-июнда Орусиядан Түркиянын туристтик аймактарына атайын эксперттик топ келип, мейманканалардагы коронавируска каршы чектөө эрежелерин текшерген.

Түркиянын туристтик аймактарында эң көп эс алган чет элдиктердин ичинен орусиялыктар биринчи орунда турат. Былтыр бул өлкөгө эки миллиондон ашык орусиялык турист келген.

Түркияда коронавируска каршы чектөөлөр 1-июндан баштап жеңилдетилип, мектептер жана кафе-ресторандар ачылган.

Чет өлкөдөн Түркияга барган ар бир жарандан ПЧР-тест милдеттүү түрдө алынат.

83 миллион калкы бар Түркияда 18-июнда берилген маалымат боюнча, 14 миллиондон ашык жаран коронавирус эмдөөсүнүн экинчи дозасын алды. Вакцина 35 жаштан улууларга сайылууда.

Tүркияда коронавирус илдетин жугузуп алгандар биринчи жолу былтыр 11-мартта катталган. Расмий эсепте COVID-19 вирусунан өлгөндөрдүн саны 49 миңден ашты. Жугузуп алгандар 5 миллион 300 миңден көп. Беш миллиондон ашык бейтап коронавирустан сакайып чыкты. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG