Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:33

Өзбекстанда акимчиликке кой айдап барган адам камалды


Самаркандда райондук акимчиликке алып келинген койлор.
Самаркандда райондук акимчиликке алып келинген койлор.

Өзбекстанда жергиликтүү бийликке протест катары райондук акимчиликке кой айдап барган жаран он күнгө камалды.

"Азаттыктын" өзбек кызматы кабарлагандай, ал 17-июнда "Mubosher Laziz Azizbek fayz" фермасынын койлорун Наманган облусунун Янгикурган райондук акимиятынын имаратына айдап барган.

Район жетекчилиги кой чарбачылыгы үчүн жер бөлүп бербегендиктен чабан ушул жол менен нааразылык билдирген.

Фермер район борборундагы жашылдандыруу иштерине залака тийгизди деп он күнгө камалды жана айыппул салынды. Облустук ички иштер башкармалыгы ал Админстративдик кодекстин бир канча беренеси менен айыптуу деп табылганын кабарлады.

Мурдараак Самарканд облусунун Нурабад районунун акимчилигинин алдына бир жарым миңдей кой айдап келишкен эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG