Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Польша өкмөтү Орусияны масштабдуу киберчабуул үчүн айыптады


Матеуш Моравецкий.
Матеуш Моравецкий.

Польшанын министрлери жана депутаттары Орусия тараптан масштабдуу киберчабуулга кабылды. Кремлге карата ушундай айыптоо менен премьер-министр Матеуш Морвецкий билдирүү жасады.

Морвецкий контрчалгындоо кызматынын жана Ички коопсуздук агенттигинин маалыматына таянып сүйлөгөнүн "CyberDefence24" жазды.

Вице-премьер-министр Ярослав Качиньский Орусиянын бул аракетинин артында Польшада туруксуздук орнотуу максаты турганын айтты. Анын белгилешинче, учурда тийиштүү кызматтар окуянын чоо-жайын иликтеп, тармактык коопсуздук жаатында сунуштарды даярдоодо.

Өткөн аптада Польша премьер-министринин канцеляриясынын башчысы Михал Дворчик хакерлер анын жана жубайынын жеке почталарын бузганын айткан. Ушул өңдүү чабуул тууралуу парламенттеги "Укук жана акыйкатуулук" фракциясынын төрагасынын орунбасары Радослав Фогель да билдирген.

Орусия тараптан буга комментарий боло элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG