Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:15

Президент: инвесторлор Ат-Башыга логистикалык борбор салууга даяр


Президент Садыр Жапаров 18-июнда Нарынга жасаган иш сапарында Ат-Башы районунун тургундары менен жолукту.
Президент Садыр Жапаров 18-июнда Нарынга жасаган иш сапарында Ат-Башы районунун тургундары менен жолукту.

Президент Садыр Жапаров 18-июнда Нарынга жасаган иш сапарында Ат-Башы районунун тургундары менен жолугуп, бул аймакка соода-логистикалык борбор куруу боюнча долбоорду талкуулады. Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, президент бул облустун экономикасынын кыймылдаткычы боло турган маанилүү долбоор экенин айтты.

“Садыр Жапаровдун айтымында, бүгүнкү күндө долбоорду ишке ашырууга ар кайсы өлкөлөрдүн инвесторлору каражат салууга даяр жана бул жерде көптөгөн товарларды чыгара турган өнөр жай, текстиль жана башка ишканалар жайгаша баштайт”, - деп жазылат маалыматта.

Президент Садыр Жапаров 18-июнда Нарынга жасаган иш сапарында Ат-Башы районунун тургундары менен жолукту.
Президент Садыр Жапаров 18-июнда Нарынга жасаган иш сапарында Ат-Башы районунун тургундары менен жолукту.

Жапаров инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдө жергиликтүү элдин пикири эске алынарын, ошондуктан ал эл менен кеңешүүгө келгенин билдирди. Эгер атбашылыктар таптакыр эле каршы чыкса, анда соода-логистикалык борборду башка аймакка куруу маселеси каралышы мүмкүн экенин кошумчалады. Президенттин сөзүнө караганда, соода-логистикалык борбордун курулушу менен 30 миңге чейин жаңы жумуш орундары түзүлөт.

Жергиликтүү эл жалпысынан индустриалдык соода-логистикалык борбордун курулушун колдошорун билдирген.

Ат-Башы районуна соода-логистикалык борбор куруу буга чейин эле пландаштырылган. Курулуштун пайдубалын түптөө иш-чарасы 2019-жылы 11-декабрда болуп, ага ошол кездеги премьер-министр Мукаммедкалый Абылгазиев катышкан. 2020-жылы жергиликтүү эл долбоорго каршы чыгып, митингдерди өткөрүп, өкмөт логистикалык борборду куруудан баш тартууга аргасыз болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG