Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Салыкка жеңилдик бар жерде казына толот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ушул тапта жумушчулар менен жумуш берүүчүлөр биригип 27,25% өлчөмүндө социалдык төлөмдү, ага кошумча дагы 10% киреше салыгын төлөйт. Бул 37,25 пайыздан 17,25 пайызы жумуш берүүчүнүн мойнунда болсо, 10% социалдык төлөм жана 10% киреше салыгын жумушчу төлөйт.

Азыр муну өзгөртүп, социалдык төлөмдөрдү жумуш берүүчү үчүн 17,25% пайыздан 15,25% пайызга төмөндөтүп, жумушчу үчүн 10% пайыздан 13% пайызга чейин көтөрүү сунушталууда.

10% киреше салыгы болсо ордунда калат. Жыйынтыгында 37,25% пайыздык социалдык салык жүгү 38% болуп калат.

Бирок чын-чынына келгенде бул салыктарды бизнестин көпчүлүгү төлөй албайт. Бир катар кызматкерлерди патент аркылуу ишке алса, башкаларына айлыкты конверт менен берип, 37,25% социалдык салыктын ордуна 10% киреше салыгын төлөөгө кызыкдар.

Бул жагдай катталбаган иш орундарын көбөйтүп жатат. Тактап айтканда, бул көмүскө экономиканын бир көрүнүшү. Мындан бир канча жыл мурда Дүйнөлүк банк тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы дал ушул социалдык салыктардын оор болушу бизнести көмүскөгө түртөрүн көрсөткөн эле.

Мындай шартта мамлекеттин өзү дагы утулууда. Себеби жумуш орундары жашырылып, демек салыктар казынага түшкөн жок.

Мисалы, Грузиянын мурдагы каржы бөлүмүнүн башчысы Гиоргий Цкахая менен сүйлөшкөнүмдө, Саакашвилинин бийлиги социалдык фондду кардиналдуу реформалап, салык жүгүн эки эсе азайтканда, казынага түшкөн киреше тескерисинче эки эсе өскөнүн айткан.

Советтик системанын кесепети

Анын үстүнө азыркы пенсия системасы совет доорунан мураска калган. Мында бир муун экинчи муунду багат. Мисалы, эгер сизге 10 миң сом айлык чегерилген болсо, анын 3 725 сому социалдык төлөмдөргө кармалып, колуңузга 6 275 сом аласыз. Бирок ошол 3 725 сомдун дээрлик 95% азыркы чыгымдарга сарпталып, болочок пенсия үчүн болгону 200 сомдон топтолот.

Мындай адилетсиздиктен улам жумушчулар өздөрү дагы социалдык салыктарды төлөгүсү келбейт. Демек, бул жерде салык көлөмүн кыскартуу менен гана тим болбостон, социалдык фондду толук реформалоо зарыл. Мамлекеттик монополияны жоюп, жеке пенсиялык фонддордун иштөөсүнө шарт түзүү керек.

Аны менен катар пенсиялык топтомдор адам пенсияга чыкпай көзү өтүп кетсе, мураска калтыруу системасы иштеши керек. Мисалы, коңшу Казакстан жакында эле пенсиялык топтомдорду турак жай сатып алууга колдонууга уруксат берди. Мындай айтканда, пенсиялык топтом депозит катары каралышы керек.

Тигүү бизнеси ачыкка чыгууда

2019-жылы Жогорку Кеңеш Салык кодексине жана “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” жана "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу” тууралуу мыйзамга толуктоолорду киргизген. Бул толуктоолор тигүү тармагында иш алып барган 50дөн ашык жумуш орду бар цехтерге социалдык төлөмдөрдү жана киреше салыгын төлөөдө кыйла жеңилдиктерди берген.

JIA бизнес-ассоциациясынын маалыматы боюнча, штаты элүү же андан көп адамдан турган компания катары катталган жеке ишкерлердин саны көбөйүүдө. Анткени, алар бул мыйзамдын артыкчылыктарын колдонууну көздөшөт.

Жумушчулар менен контракт аркылуу ачык иштөө компанияларга ири дүйнөлүк рынокторго чыгууга жол ачат. Cool Bro’s кийим тигүү компаниясы Баткен облусунда жаңы фабрика ачып, 2020-жылы Германиянын базарына чыкты.

Бул маалыматтарды социалдык фонддон алынган расмий сандар дагы тастыктайт. Ага ылайык, кызматкерлердин саны 50дөн ашык болгон тигүү фабрикаларындагы жумуш орундар эки жыл ичинде 590дон 1784кө көбөйгөн. Ал эми эмгек акы фонду 2019-жылы 66,6 млн. сомду түзсө, 2020-жылы бул көрсөткүч 2,5 эсе өсүп, 164 млн. сомду түзгөн.

2021-жылдын биринчи кварталында 50дөн ашык болгон тигүү фабрикаларынын жалпы эмгек акы фонду 73,5 млн. сомдон ашкан.

Салык жүгү канча жеңил болсо, казынага ошончо көп киреше түшөт

Мамлекет дайым эле көбүрөөк салык жыйноого кызыкдар. "Салык ставкасы канча азайса, казынага түшкөн киреше ошончо кыскарат" деп коркуп, бир дагы чиновник, бир дагы өкмөт социалдык салык реформасын жүргүзүүгө батынган жок. Бирок Кыргызстанда салык көлөмү канча азайса, мамлекеттик казынага түшкөн киреше ошончо көбөйгөнүн көрсөткөн дагы бир мисал бар.

Мындан тогуз жыл мурун Кыргызстандын IT тармагы башка бизнес сыяктуу көмүскөдө болуп, бул тармакта канча адам иштеп, канча киреше таап жатканы белгисиз болчу. Демек, мамлекеттик казынага түшчү салыктар дагы кыйыр кетип турган.

2011-жылы “Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы” боюнча атайын мыйзам кабыл алынган. Анда IT компанияларды көмүскөдөн чыгаруу максатында жеңилдетилген салык режими каралып, социалдык салык жүгү IT компаниялар үчүн дээрлик 55% кыскарган. Демек казынага төлөнгөн салыктар дагы кем дегенде 55% кыскарышы керек болчу. Бирок жагдай тескерисинче өнүккөн.

Мыйзам иштеп баштаганына эки жыл болгондон кийин эле Кыргызстанда катталган IT компаниялардын саны 167% өсүп, социалдык төлөм түрүндө мамлекеттик казынага 1,5 миллион сомго жакын каражат төлөнгөн. Бул андан мурунку жылга салыштырмалуу дээрлик 327% көп болгон, ал эми киреше салыгы түрүндө түшкөн каражат төрт эсе өсүп, жалпы суммасы 2 миллион сомдон ашкан.

Андан кийинки жылдары IT тармак жалаң гана өсүш үстүндө. Катталган компаниялардын, анда иштеген кызматкерлердин саны такай өсүүдө. Анын жыйынтыгында, мамлекетке төлөгөн салыктардын саны дагы жыл санап көбөйүп жатат.

Мамлекет салык жүгүн азайтуу, чогулган салык көлөмүн көбөйтө алганы бир караганда таңкалычтуу көрүнгөнү менен, бул акылга сыйган көрүнүш. Анткени салык жүгү оптималдуу болуп калган соң, жашырынып иштеп келген компаниялар ачыкка чыгып, салык төлөй баштаган. Демек, бизнеске жеңилдик берүү менен мамлекет утушка ээ болду. Пандемия шартында бардык мамлекеттер бизнести колдоого аракет көрүүдө. Анткени мамлекет эмес, дал ишкерлер жумуш орундарын түзүп, калкты жакырчылыктан чыгарат.

Төмөнкү шилтемеде социалдык салык жүгү боюнча Capital KG жүргүзгөн анализдин видео версиясы келтирген.

https://www.youtube.com/watch?v=70wCd0eJADU&t=31s

Назгүл Коңурбаева

Эскертүү: Автордун ою “Азаттыктын” көз карашын чагылдырбайт

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG