Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:10

Беш айда эки миллиард сомго ашык салык жыйналды


Планда 36 млрд 442 млн сом салык жыйноо каралган.
Планда 36 млрд 442 млн сом салык жыйноо каралган.

2021-жылдын беш айынын жыйынтыгы менен салык 2 млрд 373 млн сомго ашык чогултулду. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, январь-май айларында 38 млрд 429 млн сом салык чогултулган.

Мунун 30 млрд. 937 млн. сому республикалык бюджетке, ал эми жергиликтүү бюджетке 7 млрд. 491 млн. сом түштү.

2020-жылга салыштырмалуу салык жана башка төлөмдөр 11 млрд 461 млн. сомго көп.

Беш айда камсыздандыруу төлөмдөрү 15 млрд. 193 млн. сомду түзгөн. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 2 млрд. 593 млн. сомго көп.

2020-жылы пандемиядан улам салык жана башка төлөмдөр азайган.

Салык кызматы 2021-жылы 97 млрд. сомдон кем эмес каражат чогултарын билдирүүдө. 2020-жылы 69 млрд сом чогулткан. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG